Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековКадамджай шаарынын жанындагы тоолор. Архив
Кадамджай шаарынын жанындагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
2-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй өрөөнүнүн тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +30...+35 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0