Акылбек Жапаровго Яндекс, Facebook компанияларына салык төлөтүүнү сунушташты

© AFP / DENIS CHARLETFacebook жана Google мобилдик тиркемелердин логотиптери. Архив
Facebook жана Google мобилдик тиркемелердин логотиптери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Буга чейин Эмил Ашымбаев аттуу жаран Жапаровдун сунуштары IT-бизнести муунтуп, банк купуялуулугун бузуп, өлкө экономикасына залака тийгизип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкектик экономист Эмил Ашымбаев экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго Facebook, Google, Apple жана Яндекс сыяктуу компанияларга салык киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин бишкектик Эмил Ашымбаев аттуу жаран Жапаровдун сунуштары IT-бизнести муунтуп, банк купуялуулугун бузуп, өлкө экономикасына залака тийгизип жатканын билдирген.

Жапаров анын сын пикирине жооп берген.

"IT-тармакка кош салык салуу боюнча мага таандык деген демилге тууралуу айтканы суу кечпеген кеп. Мындай болушу мүмкүн эмес, эч качан болбойт дагы. Мен IT-бизнестеги бүгүнкү күндө иштеп жаткан салык системасынын демилгечисимин. Ага ылайык, программисттер 5 пайыз киреше салыгын, 5 пайыз социалдык төлөм төгүшөт, жумуш берүүчүгө эч нерсе каралган эмес. Дал ушул себептен биздин программисттер Кыргызстанда жашап, бүтүндөй дүйнө жүзү менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты", — деген министр.

Эми экономист Жапаровго алгач Facebook жана Яндекс компанияларынан салык чогултуп алууну сунуштоодо.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Радио
Жапаров: ЕАЭБ алкагында соода-сатык үчүн чек араларды жоюу зарыл
"Мен реклама үчүн Facebook компаниясына 200 доллар төлөдүм. Шайлоо учурунда миллиондор которулат. Силер "Ош" базарында байпак, курут саткандарга QR-код киргизебиз деп жатасыңар. Эгер чындап бюджетти толтургуңар келсе, ири компаниялардан салык алгыла. Ошондо эл аралык дөө-шаалар бизди сыйлап, салык төлөй баштайт. Ошондо силер чындап алдыга кадам таштап, элдин сыйына ээ болосуңар", — деди ал.

Буга чейин Акылбек Жапаров Кыргызстан салык төлөгөн адам үчүн гана бейиш, ал эми салыктан качкандарга кыйын болорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0