"Ала-Тоо" аянтындагы эгемендүүлүк майрамында 90 бала жоголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Кечээ Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт уюштурулган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанат учурунда 90 бала ата-энесин таба албай калган. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы адашып калган бладардын баары табылганын билдирди.

"Балдардын баары табылып, ата-энелерине, жакындарынын колуна берилди. Бир бала ИИМдин алдындагы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилди", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад, кечинде концерт уюштурулуп, майрамдык салют атылды. Аны көрүү үчүн миңдеген кыргызстандык келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0