Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
1-сентябрда күндүз республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +30…+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17…+22, Нарын аймагында +18…+23 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0