Кыргызстандыктар менен кошо чет элдиктер да сыйланды. Жапаровдун жарлыгы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик сыйлык "Достук" ордени. Архив
Мамлекеттик сыйлык Достук ордени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров маданият кызматкерлеринен башка да бир топ тармактардын өкүлдөрүн, андан сырткары Кыргызстан-Россиянын эриш-аркак жылындагы иш-чарада өзгөчөлөнгөндөргө мамлекеттик наамдарды ыйгарды.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, Эгемендүүлүк күнү, бир канча кыргызстандык менен чет элдиктерге мамлекеттик наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына илинген.

Алгач "Ак Шумкар" белгисин кыргыз интеллигенциясынын көч башында турган улуу инсандардын бири Жусуп Абдрахманов менен советтик жана партиялык ишмер Ахматбек Сүйүмбаевге ыйгарган жарлыгы жарыяланды. Андан соң маданият, искусство тармагынын 105 кызматкерин сыйлаган.

Эриш-аркак жылынын урматына Жапаров Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында маданият жана искусство жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Сыйлангандар:

  • Данакер ордени — Швыдкой Михаил Ефимович, Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү;
  • Достук медалы — Полад Бүлбүл оглы, композитор, ырчы, КМШ мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун башкармасынын төрагасы;
  • Даңк ордени — Жумакунов Рысбек Дүйшөнбаевич, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру;

Сыйлангандардын толук тизмесин бул шилтемеден окууга болот.

Кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык, маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор үчүн да чыкты. Ага кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктерди жараткандар, көп жылдык жемиштүү эмгек кылгандар, Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандар да кошулган.

III даражадагы Манас ордени менен сыйлангандар:

  • Кидибаев Мустафа Мусаевич – Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ж. Жеенбаев атындагы Физика институтунун кристаллофизика жана радиометрия лабораториясынын башчысы;
  • Турсунбек Акун – Борбордук Азия боюнча адам укуктары боюнча конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы;

Даңк ордени менен сыйлангандар:

  • Токталиев Акин Усубалиевич – коомдук укук коргоочу, адвокат, "Кыргызстан элинин ар намысын жана абийирин коргоо комитети" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • Достук ордени менен сыйлангандар — "Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмесинин президенти Баюми Саид Мохамед Елсаид.

Сыйлангандардын толук тизмесин бул шилтемеден окууга болот.

Медицина кызматкерлери

  • Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн бир нече ак халатчанга мамлекеттик сыйлык ыйгарган жарлыкка кол койду.

Даңк ордени менен сыйлангандар:

  • Уметалиев Юсупжан Калжигитович – И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;
  • Сарногоев Эсенбай Кондубаевич –  согуштун жана эмгектин ардагерлеринин Талас облустук ооруканасынын башкы дарыгери;
  • Бир катар ак халатчандарга Эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери сыяктуу башка мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.

Сыйлангандардын толук тизмесин бул шилтемеден окууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0