Дөөлөт Сыдыков 5 күнгө созулган манас айтууну баштады. Видео

© Фото / Гульзара КокеноваМанасчы Дөөлөт Сыдыковдун Москвада манас айтуу учурунда
Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Москвада манас айтуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Буга чейин Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу кабарланган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн, 31-августта, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында манасчы Дөөлөт Сыдыковдун беш күн, беш түн манас айтуусу башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Гүлзар Кокенова билдирди.

Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат. Ал манас айтар алдында президент Садыр Жапаров ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын бергени маалым болду.

Буга чейин манасчы өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу жазган.

Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтмөкчү.

Эске салсак, Сыдыков былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айткан. Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу болчу. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0