Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын президенти Владимир Путин. Архив
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин мамлекеттин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Путин эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамиле өз нугунда өнүгүп жатканын белгилеген.

"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоонун 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара кызматташуу жолго коюлган. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, Евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0