Улуттук гвардиянын прапорщиги Рапиев 150 чакырымды 2 күндө чуркап, Бишкекке келди

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРУльтрамарафонский забег прапорщика Кайратбека Рапиева с Суусамыра в Бишкек
Ультрамарафонский забег прапорщика Кайратбека Рапиева с Суусамыра в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Прапорщик Рапиев 30-августта Суусамырдан жолго чыккан. Бул кадамын жоокер Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арнаган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн, 31-август, саат 12:00дө Улуттук гвардиянын жоокери, прапорщик Кайратбек Рапиев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына келип, марафондук чуркоосун аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРБүгүн, 31-август, саат 12:00дө Улуттук гвардиянын жоокери, прапорщик Кайратбек Рапиев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына келип, марафондук чуркоосун аяктады
Бүгүн, 31-август, саат 12:00дө Улуттук гвардиянын жоокери, прапорщик Кайратбек Рапиев Бишкектин Ала-Тоо аянтына келип, марафондук чуркоосун аяктады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн, 31-август, саат 12:00дө Улуттук гвардиянын жоокери, прапорщик Кайратбек Рапиев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына келип, марафондук чуркоосун аяктады
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРКечээ, 30-августта, ал Суусамырдан Бишкекти көздөй чуркап, жолго чыккан. План боюнча сапары Бишкектен аяктамак.
Кечээ, 30-августта, ал Суусамырдан Бишкекти көздөй чуркап, жолго чыккан. План боюнча сапары Бишкектен аяктамак. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кечээ, 30-августта, ал Суусамырдан Бишкекти көздөй чуркап, жолго чыккан. План боюнча сапары Бишкектен аяктамак.
1/2
Бүгүн, 31-август, саат 12:00дө Улуттук гвардиянын жоокери, прапорщик Кайратбек Рапиев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына келип, марафондук чуркоосун аяктады
2/2
Кечээ, 30-августта, ал Суусамырдан Бишкекти көздөй чуркап, жолго чыккан. План боюнча сапары Бишкектен аяктамак.

Кечээ, 30-августта, ал Суусамырдан Бишкекти көздөй чуркап, жолго чыккан. План боюнча сапары Бишкектен аяктамак. Бул кадамын Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арнаган. Аны Улуттук гвардиянын видео тарткан тобу жана медицина кызматкерлери коштоп келген.

"Финиште марафончуну Улуттук гвардиянын жетекчилиги менен жеке курам, шаардыктар, жакындары тосуп алды. Суусамыр менен Төө-Ашуунун климатынын катаалдыгына, кээ бир кишилердин ишенип-ишенбей кылган мамилесине карабай жоокер койгон максатына жетти. Мындай жолду жогорку даярдыктагы гана эмес, эрки күчтүүлөр да басып өтө алат. Марафондук чуркоо жеңил атлетиканын оор түрлөрүнүн бири", — деп айтылат маалыматта.

Рапиев 2019-жылдын июнь айында Ысык-Көлдү айланып 374 чакырымды басып өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0