Бүгүн түнкүсүн Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянты. Архив
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан парадга байланыштуу айдоочулар алдын ала жабыла турчу көчөлөрдү тактап алуусу зарыл.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянты жана эски аянт майрамдык иш-чараларга байланыштуу толук жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ала-Тоо аянтындагы майгамдын иш чага. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган иш-чаралардын тизмеси
Билдирүүгө ылайык, 31-августта түнкү саат экиден баштап Чүй проспектинин Эркиндик проспектинен Орозбековго чейинки бөлүгү жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү жабык болот.

Ошондой эле аскердик техникалардын жүрүшүнө байланыштуу Чүй проспектинен, Чокон Валиханов, Тыныстанов, Гоголь, Профсоюзный көчөсүнөн, "Ала-Тоо" аянтынан жана Чүй менен Фучиктин кесилишинен автоунааларды өткөрүүдө чектөөлөр киргизилет.

Калаа бийлиги жаралган ыңгайсыздыктарга байланыштуу алдын ала кечирим сурап, жол жүрүүдө аталган тизмени эске алунуу сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0