Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуКРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, коомдук ишмер, мурдагы маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков
КРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, коомдук ишмер, мурдагы маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын белгилегени турабыз. Бул ирет маегибизди маданият тармагынын көз карандысыздыкка жеткен жылдардан берки басып өткөн жолуна арнадык.

Ал үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, коомдук ишмер, мурдагы маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаковду чакырганбыз. Ал эгемендикти алгандан берки кыргыз маданиятынын башында туруп, процессти өз көзү менен көргөн инсандардын бири.

— Маданият тармагы азыр базар экономикасына ылайыкташып, өз жолун таап калды деп жатабыз. Алгачкы эгемендүүлүк алган жылдарда маданияттын өкүлү катары басып өткөн жолду жакшы билесиз. Ошол учурга токтоло кетсеңиз?

— Советтер Союзу кыйрагандан кийин союздук республикалардын баарынын тарыхы бирдей экен деп ойлочубуз. Себеби алгач катташпай жүрдүк. Анан бир топ жыл өткөндөн кийин түрк тилдүү коңшу республикаларга барып көрүп, салыштыруу башталды. Мисалы, маданияттын канча тармагы болсо баарынын чыгармачыл союздары болот. Ал эми бизде чү дегенде эле чыгармачыл союздарды "жыга чаап" салганбыз. Бул жагы Американын саясаты болчу. Алар муну коммунисттик идеологиянын рычагы катары кабыл алышкан. Бир чети чынында эле башкачараак ойлонгон жазуучуларды тескеп, жолго салып турган союз болчу да. Ооба, СССРдин идеологиясы бар эле. Бирок анын негизги милдети — чыгармачылыкты өнүктүрүү болчу. Азыр Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстанда чыгармачылык союздар кандай сонун иштеп жатат.

Биз убагында эки жагыбызды караган жокпуз. Кыргыз маданият тармагы азыр "борттон" океанга ыргытылып калса да ушул күнгө чейин тырмышып өз күнүн көрүп келе жатат. Ошол союздарды кеч болсо да бүгүн колдоп алышыбыз керек. Бизде аларды коомдук уюмдардын деңгээлине теңеп "мамлекеттен каржыланбайт" деп коюшкан.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазаков: кыргыз маданият тармагы азыр "борттон" океанга ыргытылып калса да ушул күнгө чейин тырмышып өз күнүн көрүп келе жатат
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Казаков: кыргыз маданият тармагы азыр "борттон" океанга ыргытылып калса да ушул күнгө чейин тырмышып өз күнүн көрүп келе жатат

— Коңшулардын абалы бизге салыштырмалуу кандай болду?

— Суверендүү мамлекет болгондон кийин көп жыл өтүп Казакстанга барып калдык. Анан Жазуучулар союзунан кантип жан багып жатасыңар деп сурасак, союз тараганда эле өкмөтү жазуучулар турган үч кабат имаратты менчикке чыгарып беришкенин айтты. Жазуучулар жалпы имараттын бир бурчуна батат экен да калганын ижарага берип, андан түшкөн акчага айлык алып, өздөрүн өздөрү камсыздап жатышыптыр. Ошондой эле жазуучуларга тийиштүү кафени жана басмакананы да менчикке чыгарып бериптир. Бул деген чоң колдоо да. Чыгармачыл союздарды маданиятка кирбейт, мамлекет кароого муктаж эмес десек катуу жаңылышабыз.

Руководитель ансамбля комузистов Кыргыз көчү  Мастура Бердибекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2020
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган
Ошондой эле экинчи маселе — эгемендик алгандан кийин айылдагы клубдар эл душманындай талкаланды. Кыргыз маданиятынын жаралуу доору 60-70-жылдарга туш келет десек, анын өзөгүн айылдык клубдар түзгөн. Орустарда "талант айылда төрөлүп, шаарда өлөт" деген сөз бар. Айыл маданиятын талкалоо — бул маданияттын тамырын кыюуга барабар. Бизде эле эмес, Европа өлкөлөрүндө да дүйнөнү дүңгүрөткөн таланттар айылдан чыккан. Алгачкы президентибиз Аскар Акаев таарынса таарынсын, бирок командасы менен биздин маданиятты түп-тамырынан бери талкалаган ошол кишилер. Азыр Казакстандын 19 облусунда 19 симфониялык оркестр, 19 эл аспаптар оркестри бар. Эми облустар бүтүп, мындай оркестрлерди райондорунда да түзө башташты. Бизге жакын эле Жамбыл районунун эл аспаптар оркестринде 25 кишини штатта кармашат. Бир ирет биз барганда концерт коюп беришти, музыканттардын билимдүүлүгүн көрүп "борбордон алып келишкен го" деп ойлопмун. Көрсө, райондук деңгээлдеги музыканттары экен. Анан ошол жердин кантип маданияты өнүкпөйт. Учурунда казактар домбура менен дутарын музыкалык мектептерден баштап консерваториянын деңгээлине чейин көтөрүп, окуу программасына киргизип алышкан. Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттер улуттук аспабын консерваторияда окутушат. Кыргыздарда гана комуз аспабы ийримдин деңгээлинде калган. Музыкалык мектептин деңгээлине киргизүү үчүн анын нотасын жазуу керек да. Муну убагында эч ким жасаган эмес. Азыркы Карамолдо Орозов атындагы оркестр түзүлүп жатканда булар комуздун сырткы формасын алат да, ички функциясын балалайкага алмаштырып салган. Муну музыкант эместер билбей, оркестрде кыргыз комузу чертилип жатат деп ойлойт. Ал болгону балалайканын аккордун алып туруучу "байкушка" айланып калган. Музыканттар ич ара "оркестрдик комуз" деп коюшчу. Кыл кыяктын тагдыры деле ошондой болгон.

Кийин "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук оркестри түзүлгөндө гана кыргыздын аспаптары керек болуп, чопо чоор, комуз, кыл кыякты кайра жаңыдан жасашкан.

Азыр казактардын Майрамбек Беспаев, Димаш Кудайберген өңдүү таланттары домбурада Моцарттын "Түрк маршын" чертип жатышат. Биздин эстрада ырчыларынын колуна комуз карматсаң, эч нерсе черте албайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКазаков: Советтер Союзунун учурунда "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына бир нече толук метраждуу кино тартканга акча бөлүнчү
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Казаков: Советтер Союзунун учурунда "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына бир нече толук метраждуу кино тартканга акча бөлүнчү

— Ал эми театрдын тагдыры кандай болду?

— Чет мамлекеттен эле чакыруу келбесе, эгемендүүлүк алган жылдары дээрлик биздин маданият тармагынын сыртка чыга турган мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бул жерде чет өлкөдөгү элчиликтердин да ролу чоң эле. Бирок алар деле материалдык жактан өз арабасын араң тарткан абалда болчу.

Мына, опера жана балет театрын алалы, операнын өнүгүүсү үчүн билимди жакшы мектептерден алуу керек. Учурунда Керим Тураповду Милан театры "Ла Скалага" тажрыйба алып, окууга жиберели деп абдан аракет кылып, бирок өткөрө албай койгонбуз. Себеби мамлекеттин да ага аброю керек экен. Советтер Союзунун учурунда Болот Миңжылкыев, Муслим Могамаев барып окуп келген. Бирок алардын баарын СССР окуткан. Өз алдынча болгондо бир да баланы өткөрө албай далай жыл кыйналдык. Кийин биздин балдар башка мектептерде окуп келишти. Балетте эл аралык фестивалдарда баш байгени багынткан жигиттерибиз да болду. Аларды биз баалай албаганыбыз менен башка мамлекеттерге барып иштөөгө абдан көп чакыруулар болду.

Известный манасчи Доолот Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2020
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум
Эми китепканалар тууралуу кеп кылсак, мен министр кезимде анализдеп көрдүм. Негизи биздин китепканаларга эки түрдүү каржылоо бар. Бири жаңы китептерди сатып алуу, экинчиси гезит-журналдарга жазылуу. Ушул экөөнө тең 16-17 жылдан бери акча бөлүнбөйт экен. Ошентип Жогорку Кеңешке барып, бир-эки депутат менен ызылдашып жатып 2018-жылдан баштап акча бөлдүрө турган кылганбыз. Мен министрликтен кетерим менен кайра өзгөртүү киргизип туруп, мыйзамды жокко чыгартып салышыптыр. Китепканалар — бул маданияттын чоң тармагы. Анда улам жаңы чыккан китептер, интернет бөлүмү, чет мамлекет менен байланыша ала турган кызмат өңдүү бардык шарт болушу керек. Анын баарын камсыздоого өздөрүнүн каражаты жетишсиз болгондуктан китепканалардын өмүрү кыскарып бара жатат.

— Ал эми кино тармагычы?

— Советтер Союзунун учурунда "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына бир нече толук метраждуу кино тартканга акча бөлүнчү. Ошол эле КТРКнын ичиндеги "Кыргызтелефильмге" жылына бир көркөм жана ондон ашык даректүү фильм тартууга каржы берилип турган. Азыр экөөнө тең бир тыйын бөлүнбөйт. Казакстанда киного укмуш акча коротушат. Биздин таланттуу режиссёрлор болсо көңүл сыртында калды. Мына Кыргызстандын курама командасындагы спортчулар чет жактан сыйлык алса, стипендия каралат. Ал эми биздин маданият тармагында, ошол эле балетте, чет мамлекеттен байгелүү орун алгандарга эч бир сыйлык каралган эмес. Бул маселени да көтөрүп чыкканда өкмөттө иштеген юристтердин бири "маданият тууралуу мыйзамда стипендия жөнүндө жазылган эмес" деп койду. Анда өзгөртүү киргизүү керек да. Кыргызстандагы СССРдин эл артисттеринен беш-алтоо эле калганда да стипендия маселеси көтөрүлдү. Ал кезде Токтоналы Сейталиев, Болот Шамшиев тирүү болчу. Ушул залкарларга жок дегенде айына 20 миң сомдон стипендия чегерип берсе болмок. Бул да жасалган жок. Чырылдап-чырылдап кала бердим.

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуКазаков: Казакстанда киного укмуш акча коротушат. Биздин таланттуу режиссёрлор болсо көңүл сыртында калды
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Казаков: Казакстанда киного укмуш акча коротушат. Биздин таланттуу режиссёрлор болсо көңүл сыртында калды

— Меценаттар, демөөрчүлөр спорт тармагынын улам бир багытын көтөрүшүүдө. Маданият жааты эмнеге мындай колдоо таппай жатат?

— Спорт тармагынын күйөрмандары көп. Спорт жаатында иштеп кеткен Аскар Салымбеков өңдүү жигиттер бар. Маданият тармагында антип өнүп-өсүп миллионер болгон эч ким жок. Меценат болуу үчун Павел Третьяковдукундай (ишкер, меценат, орус көркөм искусствосунун коллекционери, Третьяков галереясынын негиздөөчүсү — ред.) деңгээл керек. Ал көр оокатты эмес, искусствону калтырып кетүүнү гана ойлонуп жүрүп өткөн. Спорт менен маданияттын табияты такыр эки бөлөк.

Эгемендик алган жылдардагы маданияттын пайдубалы кандай болсо, деңгээли ошол бойдон эле келе жатат. Коңшуларыбыздын улуттук жана мамлекеттик маданиятын өлтүрбөй сактап калгандыгы — алардын жетекчилеринин кемчилиги эмес, акылмандуулугу. Себеби маданияты жок улуттун бары-жогу да билинбейт. "Дүйнөгө таанылганда маданият менен тааныта бергиле, биз ичип-жеп, уурдай берели" дегендей түшүнүк болуп жатат.

Бизде жыл сайын жыл жыйынтыктоочу отчёт жабуу шылтоосу менен жазга чейин эч бир ишке акча бөлүнбөйт. Каржы министрлиги муну "өлүү сезон" деп атап, шылтоо таап алган.

Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...
Башкыртстан менен Азербайжанга барганда маданият министринен каржы маселеси аларда кандай экенин сурасам, бир квартал үчүн каралган каражат чейректин башында берилерин айтышты. Анан алар планы боюнча ишин жасап кете берет экен. Казакстан деле ошол. Булар бир системага түшүп алышыптыр. Бизде бул жагы да кейитет. Жазга чейин акча бөлүнбөй отуруп, иштин жарымы жасалбай калат. Мамлекет башындагылардын ары жагында болбосо, система ушинтип талкалана берет экен да.

Теңир бизди жакшы көргөнү үчүн төкмө акындарды, залкарларды берген. Жакшы жери, төкмө акындарды Садык Шер-Нияз колдоп кетти. Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу мамлекеттин долбоору эмес, өзү тытынып жүрүп чоң комузчу болду. Мындан башка көптөгөн комузчулар, таланттар чыгууда. Мунун баары миллионер болуу үчүн жан талашкандар эмес, жогору жактан берилген өнөрдү аркалап, аздектеп жүргөндөр. Кээде Жараткандын каарына калбасак экен деп корком. Ошол 80 миллион калкы бар улуттарда 4-5 миллион эли бар кыргыздыкындай таланттар чыккан эмес. Саякбай Каралаевди Гомерге салыштырып, "ХХ кылымдын Гомери" деп жазып койгондо күйбөгөн жериң күл болот. Тоону алып келип, ташка салыштыргандай эле да. "Иллиада" менен "Одиссея" биздин "Жаныш-Байыш" эпосундай эле көлөмдө.

Ушул сыяктуу маселелер абдан көп. Өзүбүздүн "тигилер кыйын, биз байкуш" деген өксүк комплексибиздин азабын тартып келе жатабыз.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКазаков: Эгемендик алган жылдардагы маданияттын пайдубалы кандай болсо, деңгээли ошол бойдон эле келе жатат
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Казаков: Эгемендик алган жылдардагы маданияттын пайдубалы кандай болсо, деңгээли ошол бойдон эле келе жатат

— Азыр кино, поэзия, театр тармагы жанданууда дешет. Кайра жаралуу доору башталгандай сезилбейби?

— Биз мамлекеттин маданиятка кошкон салымы, жардамы тууралуу сүйлөшөлүчү. Сиз айткан кинолордун баарынын демөөрчүсү башкалар. "Курманжан датка" фильминен башкасынын баары жеке каржылоо менен тартылган. Алгач мамлекет маданиятка мамилесин оңдошу керек. Биздин көркөм коллективдер эл аралап чыга албай калды. Коңшулардын облус жетекчиси көркөм чыгармачылык топторду чакырып, эл аралатып концерт койдуруп, акысын төлөп берет. Биздин губернаторлор беш кишинин жатаканасын камсыздай албайт. Азыр президент тарабынан "Адеп-ахлак, адамдын ден соолугу" деген аталыштагы концепция кабыл алынбадыбы. Ушул сыяктуу долбоорлор менен акырын жылбасак болбойт. Алгач ички дүйнөбүздү тазалап алалы. Антпесе көр дүйнөнүн кулуна айланып бара жатабыз. Биз руханий дүйнөнү туу туткан көчмөндөрдүн урпагы элек. Азыр материалдык мүдөөбүз руханий дүйнөнүн үстүнө чыкты. Материалдык дүйнөнүн кулу болсок, маданиятты көтөрө албайбыз. Улутту сактоо үчүн анын тили, маданияты өңдүү атрибуттарын сактап калуубуз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0