Азамат! Кыргызстандык окуучу Европадагы олимпиадада алтын алды

© Photo / Pexels / LukasРазвитие IT-отрасли в КР
Развитие IT-отрасли в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Эки күндүн ичинде катышуучулар алты тапшырманы аткарып, программалоо жана маалымат технологиясы боюнча билимин көрсөтүшү керек болчу.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык окуучу Айдар Мундузбаев Европада өткөн информатика боюнча олимпиададан алтын алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын сайтында жазылган. 

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасынан коло байге утту
Билим берүү жаатындагы мелдеш 26-27-августта аралыктан өткөн. Эки күндүн ичинде катышуучулар алты тапшырманы аткарып, программалоо жана маалымат технологиясы боюнча билимин көрсөтүшү керек болчу. Тапшырма аткаруу учурунда видеокөзөмөл жүргүзүлгөн.

Иш-чараны бул ирет Румыния уюштурган. Онлайн-форматка байланыштуу ага 30 мамлекеттен 107 окуучу жана сынактан тышкары 64 бала катышкан.

Кыргызстандын атынан олимпиадада төрт окуучу ат салышканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0