Дарыгер суук тийген кишини дарылоодогу негизги каталарды санап берди

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaЛечение простуды
Лечение простуды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Адис суук тийгизген киши мончого түшүп, пияз менен сарымсак жыттабашы керектигин айтты. Бул нерселер организмди ого бетер кыйнай турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев Sputnik радиосунун эфиринде суук тийгизип алган учурда кетирген катачылыктарды санап берди. 

Адистин пикиринде, көпчүлүк күз мезгилинде суукка урунуп калганда дарыгерге кайрылбайт.

"Айрымдар элдик ыкмаларды колдонуп, үйдөн дарыланып алууну туура көрүшөт. Ошонун арасында ысык мончого түшкөн туура деп ойлошот. Бирок бул адамдар жаңылышат. Ысыктан тамак, мурун көңдөйүнүн ансыз деле кыйналып турган тамырлары ого бетер шишип, оору күчөйт", — деди Зайцев.

Колун жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Организмди суукка кантип даярдоо керек. Адистин түшүндүрмөсү
Анын айтымында, мончо адам сакайып калган учурда гана пайдалуу. Ошондой эле ал пияз менен сарымсак эч качан суукка урунган организмге жардам бербей турганын кошумчалады.

"Мен жогоруда айткандай, суук тийгенде мурун менен тамактын тамырлары шишип, жабыркайт. Мындай учурда пияз менен сарымсактын жыты аларды ого бетер кычыштырышы мүмкүн. Ал тургай чеснок мурун көңдөйүн күйгүзүп дагы жиберет", — деди дарыгер.

Суук тийүүнү көпчүлүк олуттуу кабыл албаганы менен адис дарыгерге кайрылып коюу туура экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0