COVID курсактагы түйүлдүккө кандай кесепетин тийгизет? Жаңы иликтөө

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүРодильный дом для больных Covid-19 в Волгограде
Родильный дом для больных Covid-19 в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Адис коронавирустун түйүлдүккө тийгизген кесепети оор экенин айтып, балалуу болууну пландагандарды алдын ала эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Коронавирус кош бойлуу аялга жуккан кезде түйүлдүккө терс таасир этери жөнүндө маалыматтар көбөйө баштады. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничнаяга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, жакында эле энеси 5-6 жумалык кош бойлуу кезде COVID-19 менен ооруп сакайган ымыркай төрөлгөн. Дарыгерлер баланын тубаса көз кемтигине (бир нече кооптуу оору бирге келген учур) чалдыкканын аныкташты.

"Окумуштуу медиктер буга коронавирустан башка нерсенин тиешеси жок экенин айтып жатышат. Мисалы, башка инфекциялар, ген же эненин баңгизат колдонушу көздүн дал ушундай оорусуна себеп боло алмак эместиги айтылууда", — деди Пшеничная.

Карылар шарап майрам учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Дарыгер COVID-19дан кийин кайсы ичимдик пайдалуу экенин айтып берди
Ошондой эле ал кош бойлуу кезде вируска кабылган аялдардын төрөтү убагынан эрте болуп жатканын кошумчалады.

"Ай-күнүнөн эрте төрөлүп калган балдардын кийин өсүшү бир аз жайыраак болот. Ал эми коронавирус жуктуруп алган аялдын ичиндеги түйүлдүккө илдеттин оор фазасында аба жетишпей калышы дагы мүмкүн. Мындай кыйынчылык менен төрөлгөн балдардын өсүшү ого берет кечеңдээри байкала баштады", — деди адис.

Андыктан дарыгер балалуу болууну пландагандарга алдын ала эмдөөдөн өтүп алууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0