Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТаш-Рабат. Архив
Таш-Рабат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
29-августта күндүз көпчүлүк аймактарда күн ачык болушу божомолдонууда. Ордо калаада абанын температурасы +34 градуска жетсе, Чолпон-Атада +25 градус жылуу болот.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 29-августка караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Билдирмеге караганда, түнкүсүн жаан жааганы менен күндүз күн ачык болот. 29-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлерине жаан жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактардын айрым гана жерлеринде өткүн өтөрү айтылды.

Ал эми Талас облусу менен Бишкек шаарында түнкүсүн да, күндүз да жаан-чачын болбойт. Ордо калаада абанын температурасы +31... +34 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градус жылуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0