Коопсуздук кеңеш аймактык органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоодо

© Фото / пресс-служба президента КРКыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иш учурунда
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Ушул тапта Коопсуздук кеңештин катчылыгынын эксперттик тобу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы мекемелердин ишмердигин изилдеп жатат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктай баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

"Ушул тапта Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик жумушчу тобу тарабынан коррупция үчүн эң талуу жерлерди аныктоо боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын ишмердиги изилденүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында бул башкармалыктардын ишиндеги системалык коррупцияны жоюу боюнча план иштелип чыгып, аткаруу үчүн Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт.

Сентябрь айында мындай иш Ош шаардык мэриясынын алдындагы бөлүмдө да жүргүзүлөт.

Автоунааларды мыйзамсыз алып кирген казакстандыктар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Өлкөгө оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирген казакстандыктар кармалды
Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында ушул жылдын 26-27-августунда Ысык-Көл облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине "Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу" аталышында семинар өткөн.

Бул аракеттин негизги максаты — жетекчилерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана минималдаштыруу ыкмаларын үйрөтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0