07:19 17 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1901 0 0

Саламаттык үчүн теринин өңү да маанилүү. Адам кубарып турса анемия, саргыч тартып турса боордун илдети экенин билүүгө болот. Эгер эриндер көк тартып кетсе жүрөк-кан тамыр оорулары көйгөй жаратышы ыктымал.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Хирург-онколог Иван Карасев Instagram баракчасы аркылуу адам инсульт болорун кантип биле аларын айтып берген. Адистин түшүндүрмөсүн РИА Новости жазды.

"Бети кыйшайып, ассиметриялуу болуп калат. Бул инсульттан кабар берүүчү алгачкы белги", — деди Карасев.

Медик ар бир илдет адамдын жүзүнө из калтырарын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, беттин териси кургап, кесилип жатса организмге суу жетишпегенинин белгиси, бул дагы өз кезегинде тер бездеринин иши менен байланышкан көйгөйдөн кабар берет.

Ал эми аялдын жаагында, ээгине, үстүңкү эрдине түк өсө баштаса жумурткалары дартка кабылганын билүүгө болот. Ден соолук тууралуу адамдын көздөрү да айтып турат.

"Көздүн кызарышы катуу чарчагандыктын белгиси болуп саналат, ал эми саргарып кетсе боордо маселе бар. Эгер көздүн айланасы кубарып турса табарсык ооруп жатышы ыктымал. Көздүн алды карарып кетсе бөйрөктү текшертүү зарыл", — деди Карасев.

Саламаттык үчүн теринин өңү да маанилүү. Адам кубарып турса анемия, саргыч тартып турса боордун илдети экенин билүүгө болот. Эгер эриндер көк тартып кетсе жүрөк-кан тамыр оорулары көйгөй жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, онколог бетке чыгып кеткен безеткиге да көңүл бурууга чакырган.

"Чекеге чыкканы ичегиде, бет менен үстүңкү эринге чыкканы жоон ичегиде, чыкыйдагысы өттө мандем бар экенинен кабар берет. Ал эми ээкке чыккан безетки гинекологго кайрылууга себеп болот", — деди дарыгер.

Ошондой эле медик териге эрте түшкөн бырыш зат алмашуунун бузулганын, жоон ичеги менен ашказандын оорусун билдирерин кошумчалады.

Тема боюнча

Дарыгер инфарктка алып келе турчу оорунун алгачкы белгилерин атап берди
Окумуштуулар аялдар төрөттөн кийин канча жылга картая турганын айтты
Белгилер:
оору, көз, бет, дарыгер, онколог, хирург

ЭҢ МААНИЛҮҮ