COVID статистикасы: 215 киши вирус жугузуп, алты бейтап көз жумду

© AFP / YASUYOSHI CHIBAМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтапты карап жатат
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтапты карап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 1 169 бейтап медициналык жардам алып жатса, 1 333 киши үй шартында дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 215 кишиден коронавирус табылып, 371 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 66;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 13.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 175 224 кишиден коронавирус аныкталып, анын 168 769у ооруну жеңди. Жуктургандардын саны азайганы менен өлүм учурлары токтой элек. Кечээтен бери COVID алты адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун жалпы саны 2 513 болду.

Ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Кыргызстанда COVID менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат
Азыркы тапта ооруканаларда 1 169 бейтап медициналык жардам алып жатса, 1 333 киши үй шартында дарыланып жатканы айтылды.

28-августка карата эмдөөдөн 19 529 адам өттү, анын ичинен 7 553 биринчи дозаны, 11 976 адам экинчи дозаны алган. Жалпы вакцинация тууралуу айтсак, биринчи доза 671 382, экинчи компонент 424 458 кишиге сайылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0