Жапаров: баткендиктер кам санабашы керек, армия реформаланып жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Максат айылында
Президент Садыр Жапаров Максат айылында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна иш сапары менен кеткен. Учурда ал жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган тургундары эми коркпой жашай берсе болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Максат айылынын эли менен жолугушуу учурунда айтты.

"Жергиликтүү тургундар эми коркпой жашай берсе болот. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат", — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы эч ким жаңжалды каалабасын эске салды.

Лейлек районунун Максат айылында жаңы үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Баткендин Максат айылында 84 бүлөгө жаңы үй берилди. Сүрөттөр
"Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек", — деди ал.

Эске салсак, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0