Кытай Кыргызстанга дагы 540 миң доза вакцина берет

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүCOVID-19 каршы Sinopharm вакцинасыны. Архив
COVID-19 каршы Sinopharm вакцинасыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Жылдыз Бакашова Кытай өкмөтүнө коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын дагы 540 дозасы алып келинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлады.

Анын ичинен 500 миңи гуманитардык жардам катары, калганы COVAX программасынын алкагында келмекчи.

Мындай келишим министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айымдын жолугушуусу учурунда түзүлгөн.

Бакашова Кытай өкмөтүнө коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Берилип жаткан жардамдар эки өлкөнүн достугу жана жакын коңшулук мамилелердин дагы бир далили. Бул бизге жалпы коркунуч жаратып турган вируска каршы турууга жардам берет", — деди Бакашова.

Буга чейин Кытайдан эки транш менен 300 миң доза вакцина алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0