Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКиши жаан учурунда. Архив
Киши жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
28-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 28-августка караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +20...+25 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +31...+33, Ош шаарында +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0