Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова
Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Негизи дүйнө жүзүндө СПИД, коронавирус өңдүү эле гепатит (сарык оорусу) да кооптуу оорулардын катарына кирет. Бул дарт дагы билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса рак, боордун циррозу өңдүү ооруларга айланып кетет.

Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова менен Sputnik агенттигинде гепатиттен кантип сактанса болорун жана анын белгилери тууралуу сүйлөштүк.

— Гепатиттин да түрлөрү бар эмеспи. Бул дарт барган сайын көп кездешчү болду. Бизде анын кайсы түрү жайылып бара жатат?

— Гепатиттин өсүп баратканы глобалдык көйгөй. Кыргызстанда 100 миң адамга миңге чейин бейтап туура келет. Ал эми дүйнөлүк статистика боюнча, бир жылдын ичинде 50 миллионго чейин адам сарык менен ооруйт экен. Гепатит — диффузиялык же фокалдык некроз менен мүнөздөлгөн боор ткандарынын сезгенүүсү. Гепатиттин А,В,С, D жана Е түрү бар. Окумуштуулар жакында оорунун дагы эки түрүн аныктап чыгышты. Гепатит А — бул оорунун жеңил түрү. Ал өнөкөт ооруга айланбайт. Бейтап алты айдын ичинде жакшы болуп кетери анык. Мунун дагы бир жакшы жери — башталганда сасык тумоодой дароо эле белги берет. Боордун жабыркашынан улам келип чыккандыктан ооруган адам саргарып кетет. Себеби сарык боордун клеткаларын талкалайт. Боор фильтр катары организмди тазалап туруучу орган, вирус жугуп клеткалары иштен чыга баштаганда организм уулана баштайт. Азыр эң көп кездешкени В түрү болуп жатат. Гепатиттин В жана С түрү кан аркылуу гана жугуучу перинаталдык формасы болуп эсептелинет. Ошондуктан дарылоо иши да оор. Эгер аял кош бойлуу кезде ооруган болсо, төрөп жаткан мезгилде баласына өтөт. Же болбосо эмизгенде да эненин сүтү аркылуу наристеге өтүшү ыктымал. Ал эми D түрү өтө аз кездешет. Бирок ал эч убакта жалгыз жүргөн эмес. Гепатиттин В түрү өрчүп кеткенде, ага D кошулуп кетиши мүмкүн. Гепатит В курч кармаган учурларда беш-алты күндүн ичинде эле боор эзилип кетет.

© Фото / из личного архива Умут СаиповойҮмүт Саипова: гепатиттин өсүп баратканы глобалдык көйгөй. Кыргызстанда 100 миң адамга миңге чейин бейтап туура келет
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Үмүт Саипова: гепатиттин өсүп баратканы глобалдык көйгөй. Кыргызстанда 100 миң адамга миңге чейин бейтап туура келет

— Буга чейин сарык менен балдар көп ооручу эле. Бир туугандардын баары ооруп калган учурлар кездешкен. Муну дарыгерлер жеке гигиенаны сактабагандан деп түшүндүрүшчү. Эпидемиологиялык абал курчугандан баштап калкка "колду тез-тез самындап жуугула" деп үйрөтүп жатабыз. Гепатиттин тарашы тизгинделдиби?

— Гепатиттин А түрү жашылча-жемишти чала жууп жегенден, колду таза жуубагандан жугат. Ошол себептен балдар көп оорушчу. Ошону менен бирге айрым аймактарда таза суу болбогондуктан адамдар аккан суудан ичип ооруп калып жатышат. Айрым тамак-аш саткан жайларда идиштер таза жуулбагандыктан да сарык болуп калуу мүмкүн. Гепатиттин Е түрү менен өспүрүмдөр көбүрөөк ооруйт. Ошондой эле кош бойлуу аялдар ооруп калса түйүлдүк түшүп калышы мүмкүн, илдет оор өтөт. Негизи бул оорунун С түрү билинбей башталат. Кан аркылуу ооруканалардан, сулуулук салондорунан жана стоматологиядан жугуп калуу коркунучу бар.

КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу
Коронавирус илдетинен кийин чынында гепатиттин А формасы азайып кетти. 2021-жылы 6 айдын жыйынтыгы менен алганда жыл башынан бери №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна сарыктын жеңил түрүн жуктурган эки бала, бир чоң адам гана түшкөн. Коронавирус чындыгында көп ооруга бөгөт болду.

— Гепатиттин F жана G түрлөрү Кыргызстанда барбы?

— Жок, каттала элек. Бул тууралуу маалыматтар азырынча аз. Муну окумуштуулар эми гана аныктап жатышат.

— Көп ооруларды алдын алуу максатында эмдөө жасалып жатат. Гепатиттин кайсы түрүнө вакцина алууга болот?

— Азыр вакцинаны ымыркай төрөлгөндө эле жасашат. Бир жашка чейин календарь менен эмделип турушат. В, С өңдүү гепатиттин перинаталдык түрлөрүнө каршы кан менен иштеген процедуралык, хирургиялык кабинеттердеги кызматкерлердин бардыгына эмдөө жасалып турат. Жөнөкөй жарандардын арасынан деле эмделе тургандар бар. Азыр гемодиализ алгандар, ВИЧ/СПИД жана кант диабетинин оор түрү менен ооругандарга атайын көрсөтмө менен вакцина сайылууда.

© Sputnik / Асель СыдыковаҮмүт Саипова: гепатиттин А түрү жашылча-жемишти чала жууп жегенден, колду таза жуубагандан жугат
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Үмүт Саипова: гепатиттин А түрү жашылча-жемишти чала жууп жегенден, колду таза жуубагандан жугат

— Эми дарылоо ыкмаларына токтолсок, анткени оору өнөкөткө айланып кеткенде аны дарылоо да оор болуп калары айтылат. Ооруну өрчүтүп албаш үчүн кандай ыкмалар колдонулууда?

— Гепаттиттин В, С, D формасы гана өнөкөткө айланат. Эгер В түрүн каттоого алсак, бир жылга чейин диспансердик көзөмөлгө алабыз. Ар үч ай сайын боорун текшерип, анализден өткөрүп тест алып турабыз. Эгер бир жылдын ичинде терс өзгөрүү болбой абалы бир калыпта турса, каттоодон чыгарабыз. В жана С формасы менен ооруп, он жылдан ашык убактан бери жашап жүргөндөр да бар. Дарыгердин айтканы менен болуп турса эле ооруну жеңип кетсе болот. Ал эми гепатиттин С формасы өмүр бою каттоодо турат. Аны жыл сайын текшерип турабыз.

— Оору учурунда боор абдан жабыркап, фиброзго айланып кетери айтылууда. Бул кайсы учурда болушу мүмкүн?

— Гепатиттин кооптуу үч түрүнө (В, С, D) кабылгандар жакшы дарыланбай калып, ооруну өтүштүрүп жиберсе ал фиброзго алып келет. Боордун циррозу менен фиброзунан улам боор клеткаларынын 80-90 пайызы жараксыз болуп калса, аны сактап калуу кыйын. Анда бейтап күнүмдүк эле дарысын алып өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашоого мажбур болот. Бирок ага жеткирбеш керек.

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илиминин доктору Зуридин Нурматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар. Вирусолог Нурматовдун маеги
— Негизи илимий жактан алганда боор калыбына эң бат келүүчү орган дешет. Андай болсо боордун кайра калыбына келишине эмне тоскоол болууда?

— Кескелдирик куйругун кескенден кийин кайра эле регенерация болуп ордуна келгендей эле боордун да жабыркаган клеткаларын кайра калыбына келтирүүчү касиети бар. Бирок ал бул жагын камсыздаганы менен иммундук функцияларын толук нормалдаштырууга алы жетпей калат. Анткени гепатиттин вирусу боордо көпкө чейин сакталат. Боордун күрөшүүгө күчү жетпей калса өнөкөт ооруга айланат. Гепатиттин оор формаларында башында эч нерсе билинбей жүрө берет. Ошентсе да алсырап, оң капталы ооруп, табити жоголгондо эле шекшип текшерилүү зарыл. Бирок биздин жарандар муну этибарга албай өз убагында дарыгерге кайрылбайт. Көпчүлүк учурда чет жакка чыгуу үчүн же донор катары кан берүү үчүн анализ тапшырып калып эле аныкталып калат. Көбүнчө өрчүп кеткенде билинет. Эми дарылануу, сакайып кетүү маселеси ар бир адамдын жеке организмине жараша болот. Бул оорудан 100 пайыз айыгып кетпесе дагы туруктуу кармап турууга болот. Негизи сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой.

© Фото / из личного архива Умут СаиповойҮмүт Саипова: В, С өңдүү гепатиттин перинаталдык түрлөрүнө каршы кан аркылуу сулуулук салондорунан, стоматологиядан жана идиш таза жуулбаган ашканалардан жугат
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Үмүт Саипова: В, С өңдүү гепатиттин перинаталдык түрлөрүнө каршы кан аркылуу сулуулук салондорунан, стоматологиядан жана идиш таза жуулбаган ашканалардан жугат

— Ушул жылдын башында гепатитке каршы дары-дармектердин кымбаттыгын айткан бейтаптар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты эле. Бул жагы кандай болууда?

— Гепатит менен ооругандарга мамлекет тарабынан атайын дары-дармек бөлүнүп берилген эмес. Ал эми СПИД, астма, кант диабети, талма ооруларына жыл сайын атайын каражат каралгандыктан дарысы бекер. Тилекке каршы, гепатит менен жабыркагандар бул топко кирбейт. Бул илдет менен инфекционист-гепатологдор алышат. Кыргызстанда сарыктын дарысы жок болгондуктан чет мамлекеттен атайын буюртма менен алдырышат. Саламаттык сактоо тармагы бул жаатта жардам бере албай келет.

— Жарандарга гепатитке каршы канча убакытта бир анализ тапшырып турууну сунуштайсыз?

— Тобокел тобундагы жарандарыбыз бар, аларды календардын негизинде чакырып, текшерүүдөн өткөрүп турабыз. Ал эми кадимки жарандар жылына бир жолу боорун УЗИге тарттырып, тесттен өтүп, антителону текшертип коюшу керек.

— Гепатиттен айыккан адамдын кайра жугузуп алуу коркунучу барбы?

— Мурда гепатиттин А түрү менен ооруган болсо, өнөкөт В жана С формасы менен ооруп калышы мүмкүн. Негизи сакайгандан кийин кайра эле жугузуп алуу толук ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0