Педиатр балага мектеп кийимин кантип тандоо керектигин айтып берди

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калганына байланыштуу учурда ата-энелер балдарына кийим-кечек сатып алуу менен алектенип жаткан учуру. Дарыгер окуучунун саламаттыгына зыян келтирип албаш үчүн кандай кийим тандоо керектигин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Баланын мектепке кийчү кийими чоң же тар, ошондой эле денеге ыңгайсыз кездемеден болбошу керек. Мындан тышкары, окуучуга оголе кымбат кийимдин дагы зарылдыгы жок экенин Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин башкы педиатры Исмаил Османов айтты.

Адистин сөзүнө таянып РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, бала форманы беш сааттан 10 саатка чейин кийип жүргөндүктөн, биринчи орунда ыңгайлуу жана баланын өзүнө жага турган болушу шарт.

"Мектеп формасынын кездемеси ысык же суукту тартпашы зарыл. Ошондой эле окуучуларга ашынган кымбат кийимдин зарылдыгы жок. Мунун себептери айтпаса деле түшүнүктүү. Баарынан жакшысы чоңоюп калган бала болсо, форма сатып аларда аны чогуу алып алганыңыз туура. Өспүрүмдүн өзүнө жаккан кийимди кийгени оң", — деди Османов.

Бишкекте окуу жылынын башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Министрлик: быйыл окшош мектеп формасы талап кылынбайт
Ал эми сырткы кийим жеңил, кыймылдаганда ыңгайсыздык жаратпаган жана оңой жууп-тазалана турган болушу зарыл. Ошондой эле бала мектепке өзү барып-келе турган болсо, сырткы кийиминде жарыкты чагылдыра турган ленталарды чаптап коюңуз. Бул бала кечкисин окуудан келе жатканда жолдо коопсуз жүрүшүнө шарт түзөт.

"Эгер бала мектепте бут кийимин алмаштыра турган болсо, тердетпеген жана жумшак бут кийим керек. Такалуу туфли, балетка, кеда сыяктуу бут кийимдер мектептин ичине анча ыңгайсыз. Ал эми дене тарбия сабагына кроссовкадан өтөрү жок", — деди адис.

Мындан тышкары, ал мектеп курагындагы балдарга колдон келсе боолуу эмес, чаптама бут кийимдер ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0