Мэр Жунушалиев Бишкектеги ыш көйгөйүн кантип чечерин айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПроблема смога в Бишкеке
Проблема смога в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Жаңы мэр маселени бир күндө же бир сезондо чечип коюу мүмкүн эмес экенин, бирок бул багытта бир катар процесстерди ишке киргизүү ниетин билдирди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин жаңыдан шайланган мэри Айбек Жунушалиев шаардагы ыш көйгөйүн кантип чечерин айтты.

Ал белгилегендей, маселени бир күндө же бир сезондо чечүү мүмкүн эмес, бирок ошентсе да аракет кылып, бир катар процесстерди ишке киргизүү ниети бар.

"Биринчи кезекте газдаштыруу, өнөр жай ишканаларын Бишкектин сыртына чыгаруу зарылдыгы турат. Ошондой эле шаардык таштандыдагы түтүндү жок кылуу үчүн таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу керек", — деди мэр.

Жунушалиев бул кызматка 12-августта келген. Бүгүн шаар башчысына шайлоо өттү. Ал министрлер кабинетинин квотасы менен Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. Аны 43 депутат колдоп добуш берди, ал эми экөө каршы чыкты.

Буга чейин Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0