84 миң бала ата-энесинен алыс жашайт... Өкмөт мигранттар маселесин талкуулады

Балдар бала бакчада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Бакашова жыйындын катышуучуларын эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

БИШКЕК, 26-авг. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жашоонун оор сыноосуна кабылган мигранттарга колдоо көрсөтүү боюнча маалыматтык сессияга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Онлайн-конференция учурунда кыргыз диаспоралары менен ведомстволор аралык кызматташуунун механизмин уюштуруу маселеси талкууланган.

Бакашова министрлер кабинети эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого жана абалын жакшыртууга жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Ал жыйындын катышуучуларын мигранттардын үй-бүлөсүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырган.

"Бүгүнкү күндө 84 миңдей бала ата-энесинен алыс жашайт. Тилекке каршы, мигранттардын балдары зомбулукка кабылган учурлар да болуп жатат", — деди ал.

Антиправительственная акция в Кишиневе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Кайрадан мигранттар мушташып, 14 киши кармалды. Петербургдагы окуя
Маалыматта ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдардын укугун коргоо, каттоо, кароо министрлер кабинетинин негизги иш багыттарынын бири экени белгиленген.

"Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коомунун мамлекеттик органдар менен чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын кызматташуусун бекемдөө боюнча демилгеси министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу органдарына жеткирилет", — деген Бакашова.

Ошондой эле ал Кызыл жарым ай улуттук коомуна, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарга, адистерге жана ыктыярчыларга, диаспора өкүлдөрүнө жарандардын укугун коргоо үчүн көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0