COVID бөйрөктү катуу алсыратат. Дарыгер себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМедайым "Жасалма бөйрөк" аппараты менен ооруканада. Архив
Медайым Жасалма бөйрөк аппараты менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Адистин билдирүүсүнө караганда, SARS-CoV-2 вирусу АПФ2 ферменти бар бардык органдарга чабуул коет. Бул ферменттин жардамы менен вирус клеткаларга кире алат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Коронавирус бөйрөктүн ишин бузуп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны алдын алуу жолун нефролог Анна Коробкина Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Дарыгердин билдирүүсүнө караганда, SARS-CoV-2 вирусу АПФ2 ферменти бар бардык органдарга чабуул коет. Бул ферменттин жардамы менен вирус клеткаларга кире алат.

"АПФ2 жүрөктө, ичегилерде, кызыл өңгөчтө жана табарсыкта кездешет. Ал эми бөйрөктө эки эсе көп, андыктан вирус дал ушул органга жабышат. Коронавирус жеткен учурда бөйрөк кемтиги, гипоксия оорулары пайда болуп, кандын айлануусу татаалдайт", — деди дарыгер.

Ошондой эле адис COVID-19га кабылган адамдын өлүп калышына дагы дал ушул бөйрөккө байланыштуу көйгөйлөр себеп болорун кошумчалады. Анткени мурда бөйрөгү оорубаган адамдар вирус менен күрөшүп жатканда бул органдын соо экенине ишенип көңүл бурбай коюшат.

Ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Кыргызстанда COVID менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат
Коробкина үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарга бөйрөгүн вирустан сактоо үчүн айрым анализдерди тапшырууну сунуштайт.

"Белоктун деңгээлин аныктоо үчүн заара анализин жана креатиндин деңгээлин билүү үчүн кандын биохимиялык курамын аныктоо керек. Бул — бөйрөктүн кандай иштеп жатканын билүү үчүн базалык анализдер", — деди адис.

Мындан тышкары, ал коронавируска кабылган учурда өзү билемдик кылбай дарыгердин кеп-кеңешин так аткарууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0