Бишкек мэрлигине талапкер Жунушалиев: бизнесим жок, болгон да эмес

© Фото / Пресс-служба мэрии Бишкека/ Улукбек ШамбетовБишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Ордо калаанын башчылыгына талапкер шаардын өнүгүп-өсүшү үчүн депутаттар менен кызматташууну пландаганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек мэри кызматына талапкер Айбек Жунушалиев бизнеси жоктугун, мындай иш менен эч качан алектенбегенин билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жатат. Анда мэр шайланат. Шайлоодо бир гана талапкер, мэрдин милдетин аткаруучу, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жунушалиев катталган.

Ал шаардын өнүгүшүнө салым кошуу максатында мэрлик кызматка аттанып жатканын билдирди.

"Менин бизнесим жок, андай иш менен алектенген эмесмин. Мындан ары да бизнес жасабайм", — деген ал.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте иштеген мыкты команда түзө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0