ТИМ: Афганистандан дагы 10 кыргызстандык мекенине алып келинди

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАфганистандан жарандарды эвакуациялоо
Афганистандан жарандарды эвакуациялоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Афганистандагы саясий кырдаалдан улам Кыргызстандын ТИМи өлкө башчысынын тапшырмасы менен ал жактагы кыргызстандыктарды эвакуациялоону улантып жатат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Афганистандан дагы 10 кыргызстандык мекенине алып келинди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-августта, ТИМ Россия Федерациясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кабул — Кант багыты боюнча атайын каттам менен 10 кыргызстандык эвакуацияланды.

25-августка карата Кыргызстандын 36 жараны Афганистандан чыгарылып кеткен.

"Талибдердин"* кол салуусунан кийинки саясий кырдаалдан улам Кыргызстандын ТИМи өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал жактагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши улантылып жатканы айтылат.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка бир катар мамлекеттерде террордук топ катары тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0