Россиянын аскердик учактары Кабулдан КР жарандарын эвакуациялады

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүИл-76МД учагы
Ил-76МД учагы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен аскердик учактар Афганистандан 500 адамды алып чыкты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик эки учагы Кант аэродромуна Афганистандан эвакуацияланган кыргызстандыктарды жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында жазылды.

Россиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен аскердик учактар Афганистандан 500 адамды эвакуациялады.

Негизинен Россиянын төрт учагы Афганистандын борбор калаасынан Россиянын, Украинанын, Өзбекстандын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин (Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстан) жарандарын чыгарышкан. Маалыматка караганда, башка учактар Тажикстандын жарандарын Гиссар шаарына жеткиришти.

"Ар бир учакта зарыл болгон учурда эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн аскердик медиктер жана дары-дармектер бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ыңгайлуулук үчүн суу, одеял сыяктуу нерселер каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0