Бишкек — Ош жолундагы тоннель маал-маалы менен жабылууда. Убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы тоннель. Архив
Бишкек — Ош жолундагы тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Транспорт министрлиги жол тыгынын алдын алуу максатында оңдоо иштеринин графигин жарыялады. Ага ылайык, жол күндүзгү маалда жабылып-ачылып турат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасындагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель 23-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-августтан тарта тоннелдин желдетүүчү системасына оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылып жатат.

Буга чейин ЖМКлар жол улам жабылып жатканына байланыштуу автоунаа тыгыны жаралып жатканын жазышкан.

Транспорт министрлиги жол тыгынын алдын алуу максатында оңдоо иштеринин графигин жарыялады:

  • 7:00-8:30 — оңдоо иштерине байланыштуу автоунаа үчүн жол жабылат;
  • 8:30-14:00 — жол автотранспорт үчүн ачылат;
  • 14:00-15:30 — жол оңдоо үчүн жабылат;
  • 15:30-7:00 — жол ачык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0