Коррупцияга жол бербеңиз! "Унаа" ишканасынын кызмат акылары

© Фото / пресс-служба ГРС КРОткрытие нового экзаменационного зала для получения водительского удостоверения в селе Лебединовка
Открытие нового экзаменационного зала для получения водительского удостоверения в селе Лебединовка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Баалар банктык кызмат акылары эске алынбастан көрсөтүлдү. Коррупциялык көрүнүштөрдү байкаган учурда жарандар 119 номерине кайрылса болот.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында автоунаа каттатуу, кайра каттатуу жана башка документтерди алуу учурундагы кызмат акыларын эске салды.

Баалар төмөнкүдөй:

  • "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймагында автоунааны текшертүү – 141 сом;
  • автоунааны токтоп турган жерине барып текшерүү – 140 сом (транспорттук чыгымдарды эске албаганда);
  • автоунаа боюнча маалымат базасын түзүү — 141 сом;
  • мамлекеттик номер берүү – 141 сом;
  • автоунааны каттоого же кайра каттоого алып, документтерин даярдап берүү — 141 сом;
  • Тракторист-машинист күбөлүгүн берүү боюнча кызмат акылары:
  • тракторист-машинист күбөлүгүн каттоо жана берүү – 135 сом;
  • транспорттук каражат жана айдоочулук күбөлүктү тастыктоочу документ – 142 сом;
  • айдоочулук күбөлүк берүү – 141 сом.

Кагаз документтердин баасы:

  • транспорт каражатын каттоого алуу – 192 сом;
  • улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк — 100,86 сом;
  • эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк — 52 сом;
  • техникалык паспорт – 43 сом;
  • мамлекеттик номердин акысы –  650 сом;
  • атайын техникалар үчүн мамлекеттик номердин акысы – 325 сом;
  • персонификациялоо үчүн кызмат акысы — 255 сом;

Баалар банктык кызмат акылары эске алынбастан көрсөтүлдү. Коррупциялык көрүнүштөрдү байкаган учурда жарандар 119 номерине кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0