"Даңазалуу доордун" жылдызы Мерьем Узерлинин Бишкекке келери айтылды

© AFP / Taylor HillТурецкая актриса Мерьем Узерли
Турецкая актриса Мерьем Узерли - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Актриса Бишкекте телесериалдарга байланыштуу эл аралык ири долбоордун бет ачарына катышат. Иш-чара сентябрь айынын башына пландалган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктарга "Даңазалуу доор" сериалынан улам таанылган түркиялык актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу аны чакырган Asian World Film Festival кинофестивалынын директору Асел Шерниязовага шилтеме берип уюштуруу тобунан кабарлашты.

Актриса Бишкекте телесериалдарга байланыштуу эл аралык ири долбоордун бет ачарына катышат.

"Сентябрь айынын башында жаңы долбоор боюнча маалымат жыйыны өткөрүлүп, ага катышкандарга кечки сый тамак уюштурулат. Мерьем Узерлиден тышкары Бишкекке белгилүү немец сүрөтчүсү Мартин Вертманн, продюсер, аялдардын укугун коргоо боюнча адис Мерал Мелики Дюрандын келиши күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мерьем Узерли — "Даңазалуу доор" тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан соң көпчүлүккө белгилүү болгон немец-түрк актрисасы.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Meryem Uzerli Photos (@meryemuzerliphotos)

Asian World Film Festival — АКШнын Лос-Анджелес шаарында коомдук ишмер, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген эл аралык кинофестиваль.

Жаңылыктар түрмөгү
0