Айлык 40%га көтөрүлөт. Жапаров ИИМдин ички аскерлеринин юбилейине барды. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
1-сентябрдан тарта ички аскер кызматындагылардын өтөгөн кызматынын бир жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын бир жылы эки жылга тете деп эсептелмекчи.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, аскердик намыстын, эрдиктин символу катары Күжүрмөн тууну аталган аскердик бөлүктөргө тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматынын бүгүнкү күндөгү милдетин белгилеп, алардын өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздагандан башка милдеттерине токтолгон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров принял участие в торжественном мероприятии, посвященном 80-летию Внутренних войск Министерства внутренних дел страны. 24 августа 2021 года
Президент Садыр Жапаров ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, аскердик намыстын, эрдиктин символу катары Күжүрмөн тууну аталган аскердик бөлүктөргө тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Президент Садыр Жапаров ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, аскердик намыстын, эрдиктин символу катары Күжүрмөн тууну аталган аскердик бөлүктөргө тапшырды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественные мероприятия, посвященные 80-летию Внутренних войск Министерства внутренних дел страны. 24 августа 2021 года
Жапаров аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматынын бүгүнкү күндөгү милдетин белгилеп, алардын өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздагандан башка милдеттерине токтолгон - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жапаров аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматынын бүгүнкү күндөгү милдетин белгилеп, алардын өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздагандан башка милдеттерине токтолгон
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров принял участие в торжественном мероприятии, посвященном 80-летию Внутренних войск Министерства внутренних дел страны. 24 августа 2021 года
Элге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч жараткан ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/5
Элге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч жараткан ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественные мероприятия, посвященные 80-летию Внутренних войск Министерства внутренних дел страны. 24 августа 2021 года
Маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалаган - Sputnik Кыргызстан
4/5
Маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалаган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественные мероприятия, посвященные 80-летию Внутренних войск Министерства внутренних дел страны. 24 августа 2021 года
Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин КРдин айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө токтомунун долбоору даярдалган - Sputnik Кыргызстан
5/5
Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин "КРдин айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтомунун долбоору даярдалган
1/5
Президент Садыр Жапаров ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, аскердик намыстын, эрдиктин символу катары Күжүрмөн тууну аталган аскердик бөлүктөргө тапшырды
2/5
Жапаров аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматынын бүгүнкү күндөгү милдетин белгилеп, алардын өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздагандан башка милдеттерине токтолгон
3/5
Элге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч жараткан ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген
4/5
Маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалаган
5/5
Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин "КРдин айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтомунун долбоору даярдалган

Элге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч жараткан ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген.

Маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалаган.

"Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам", — деген мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров кол койю учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жапаров "фейк" маалымат боюнча чуулуу мыйзамга кол койду
Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин "КРдин айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылган. Алардын өзгөчө шарттардагы эмгегин эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта өтөгөн кызматынын бир жылы эми 1,5 жыл деп эсептеле турган болгон. Ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын бир жылы эки жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0