Кыргызстанда мүлкүн жана ден соолугун камсыздандыргандар көбөйдү

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
1-июлга карата компания тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 2021-жылдын биринчи жарымында республикада 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 1,6 эсеге өсүп, 0,9 миллиард сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.

"1-июлга карата компаниялар тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп. Түзүлгөн келишимдердин 90 пайыздан ашыгы жеке жактарга туура келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жыл башынан бери түзүлгөн келишимдердин 75 пайызы ыктыярдуу камсыздандыруу экени кошумчаланды. Кыргызстандыктар арасында жоопкерчиликти жана мүлктү камсыздандыргандар көбөйө баштаганы айтылат.

Мындан тышкары, жылдын башынан тарта 4 миңден ашык киши өзүн медициналык жактан камсыздандырган. Алардын ичинен 68 пайызы бул кадамга өз ыктыяры менен барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0