Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСоң-Колдун жанындагы жайлоо. Архив
Соң-Колдун жанындагы жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
24-25-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 24-августта күндүз республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтсө, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет. 24-августка караган түнү Талас менен Баткен жергесинен башка облустардын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0