Шашылыш билдирүү! Ысык-Көл менен Нарында сел жүрүшү мүмкүн

© AP Photo / Michael ProbstКиши сел кесепеттерин тазалап жатат. Архив
Киши сел кесепеттерин тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Жакынкы күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында жамгыр жаашы күтүлүп жатат. Буга байланыштуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын кээ бир аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

"24-25-августта нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү кооптуулугу бар", — деп айтылат маалыматта.

Бир жумага карата аба ырайынын божомолу менен таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0