22:03 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1971440

Коронавирустун былтыркы апааты кыргызга төбөсү көрүнгөн бир топ инсанды алып кетти. Алардын бири Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев да бар эле.

Бул ирет конокто Нуриля Чолпонбаева болду. Мейманыбыз менен атасы, КРдин эмгек сиңирген юристи, юстициянын III класстагы кеңешчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин өмүрү жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык.

Нуриля Чолпонбаева, дочь заслуженного юриста КР, государственного и общественного деятеля Мукара Чолпонбаева
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Чолпонбаева: биз үч кызбыз. Мен ортончусумун. Кыздардын баары эле атамдын эң жакшы көргөн кызы болчумун деп айтса керек

— Мукар Чолпонбаев дегенде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерди тааныйбыз. Ал киши кыздарына кандай тарбия берди? Деги эле жашооңузда атаңыздын атын пайдаланып көрдүңүз беле?

— Атам тууралуу көп нерсе айтса болот. Биз үч кызбыз. Мен ортончусумун. Кыздардын баары эле атамдын эң жакшы көргөн кызы болчумун деп айтса керек. Бирок атама менин кебетем менен мүнөзүм окшош. Кээде адамдын көңүлү ооруп каларын карабай эле жакпаган нерсесин бетке айтып салган курч мүнөзү бар эле. Мен да ошол жагын тартып калыптырмын. Анын чынчыл, бетке айткан сапаты кээде ага жакшылык алып келсе, айрым учурда зыян тарттырчу. Атам алдыга максат койсо, эч бир тоскоолдукка карачу эмес. Кичине кезибизден эле чынчыл болууга тарбиялады. Анан кыргыз тилин, санжырасын билгиле дечү. Биздин алтынчы атабыз Көлдөгү жети акенин бири — Мойт аке. Мойт аке алдын ала билген касиетке ээ болгон. Атамда да ошол сапат бар эле.

Ырчы Сайкал Садыбакасова апасы Гулшайыр Садыбакасова менен. Архив
© Фото / из личного архива Сайкал Садыбакасовой
Кээде мугалимдер "ии депутаттын кызы, кана, доскага чыкчы" деп айтышчу (күлүп). Бирок эч качан башкалардан кийимибиз менен да, мамилебиз менен да өзгөчөлөнүп жүргөн жокпуз. Эл "депутаттын, спикердин кызы болсо эле жокту көргөн эмес" деп ойлошот. 1990-жылдары эл көргөн кыйынчылыктар бизде деле болду. Бирок атам биздин руханий жан дүйнөбүздүн баюусуна, билимибизге өзгөчө басым жасады. Үйдө эки дубалга тиреле тизилген китептер болор эле. Эжем экөөбүз каалаган китебибизди алып окучубуз. Өзгөчө эжем аябай көп окуду. Мен эркек мүнөз болуп өстүм. Себеби улуу агам төрөлгөндө ата-энем студент болгондуктан баласын атамдын байкесине берип коюшкан. Ал ошону менен алардын уулу болуп калды. Анан менден улуу эжем кичинесинде чоң энемдин колунда өсүп, атама кызматтык батир тийгенде гана келген. Андан кийин апам кош бойлуу болгондо атам эркек бала болсо экен деп аябай тилениптир. Ошол себептен мени машина жуудуруп, унаа айдаганды үйрөтүп, футбол ойнотуп эркек балдардай тарбиялады.

Мектепти аяктаганда Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин бюджетине бир балл жетпей калды. Ага чейин республика боюнча олимпиадада орус тилинен 1-орунду алгам. Ага да карабай коюшканда атам жардамдашкан.

Заслуженный юрист КР, государственный и общественный деятель Мукар Чолпонбаев с родными
© Фото / из архива семьи Чолпонбаевых
Чолпонбаева: атамдын чынчыл, бетке айткан сапаты кээде ага жакшылык алып келсе, айрым учурда зыян тарттырчу

— Мукар Шалтакович сыртынан абдан жумшак адам көрүнчү эле. Мүнөзү кандай болчу?

— Атам жумшак эле болчу, бирок ал киши психолог эле. Адам менен сүйлөшүп жатып эле кишинин мүнөзүн, оюн билип койчу. Ошого жараша мамиле жасачу. Бирок жасалмалуулукту жактырчу эмес. Көк беттиги да бар болчу. Мен мектепте окуп жургөндө атам Көлдөн депутаттыкка талапкерлигин коюп калды. Акматбаевдер да койгон (Таберик Акматбаев — ред.) Ошондо мен "ата, Акматбаевдерге каршы чыкпай эле койбойлубу. Ал кишинин Көлдө таасирин билесиз" десем такыр укпай койгон. Мен аягына чейин каршы турдум. Анан шайлоодо атам экинчи келип калганда "аа кызым, бетке айтканың так эле мени тарткан турбайбы, ушунча тууган ичинен сен эле ачык айтыптырсың" деген.

— Үй-бүлөдө төрт бир тууган турбайсыздарбы?

— Атамдын экинчи үй-бүлөсүнөн да балдары бар. Алар менен тааныштырып, достук мамиледе болушубузду каалаган. Бирок ага жетпей калды. Жалпы жети бир тууганбыз. Ал үй-бүлөсүндө үч бала калды. Ал эми улуу эжем атамдын жолун жолдоп юрист. Азыр Балыкчыда турат. Мектепти жана университетти артыкчылык менен аяктаган. Менден кийинки сиңдимдин эки баласы бар. Бишкекте машыктыруучу болуп эмгектенет.

Заслуженный юрист КР, государственный и общественный деятель Мукар Чолпонбаев с семьей
© Фото / из архива семьи Чолпонбаевых
Чолпонбаева: кээде мугалимдер "ии депутаттын кызы, кана, доскага чыкчы" деп айтышчу

— Эми агайдын балалык чагы тууралуу сүйлөшөлү. Бир туугандарынын кучагында өткөн кызыктуу окуялары тууралуу да айтып берсе керек?

— Кээде эстеп калган сонун-сонун окуяларын айтып берчү. Атам өзү Көлдүн Орто-Өрүктү айылында туулган. Көп бир тууган. Атасы эрте каза болуп калып, чарба иштерине да кенедейинен аралашыптыр. Кичинесинен мергенчиликке чыкканды жактырып, өз колу менен капкан жасап, коён кармап келип бир туугандарын бакчу экен. Үйдө экинчиси болгону менен бир туугандарына абдан камкор эле. Билишимче, ошол кезде айылында мектеп жок, Ананьевого барып окуп келишчү. Жолдун алыстыгынан кээде бара албай да калышчу экен. Бирок бала кезинен эле колунан китеп түшпөптүр.

— Апаңыз менен студенттик кезинде таанышкан го...

— Экөө тең Улуттук университетте билим алышкан. Апам химия-биология, атам тарых жана юриспруденция факультетинде окуган. Мен ата-энемди романтик деп айта албайм. Эч качан атамдын апама гүл бергени же колун сураганы тууралуу уккан эмесмин. Болгону экөөнү Үсөн аяш атабыз жатаканадагы чогулушта тааныштырып, атам көрөр замат жактырып калганын билем. Апам Тоңдон болот. Экөө баш кошуп, ошол кездеги жаш бүлөлөрдөй эле батирден батирге көчүп, бир топ кыйынчылыктарды жеңишкен. Атам кичинесинен сугатта муздак суу кечип жүрүп бутуна суук тийгизген экен. Кийин батир алганда ремонтту да өзү жасаган. Ваннада кафель чаптап, кечке суу кечип жүрүп, оорусу күчөп подагра (муун оорусунун бир түрү — ред.) деген дартка чалдыкты. Ошол оору иммунитетин жеп койду. Кийин коронавирус жугузганда да дарыгерлер подагранын кесепетинен вирусту көтөрө албай калганын айтышты.

Ал киши өмүр бою эч жаны тынбай иштеди. Азыр үй-бүлөбүз менен бир жакка барганыбызды, жыргап эс алып өткөргөн күндөрдү деле эстей албайм.

Заслуженный юрист КР, государственный и общественный деятель Мукар Чолпонбаев с семьей
© Фото / из архива семьи Чолпонбаевых
Чолпонбаева: эч качан башкалардан кийимибиз менен да, мамилебиз менен да өзгөчөлөнүп жүргөн жокпуз

— Мукар агай менен бирге апаңыз да ооруду эле. Азыр ал кишинин ден соолугу жакшыбы?

— Жакшы, рахмат! Пандемия башталганда апам менен атамды жакшы эле "үйдөн чыкпагыла" деп жатканбыз. Бирок атам акыркы жылдары адвокат болуп иштеп жүргөн. Кардарларынын соттук процессин кантип таштап коёт. Ал ортодо суракка катышып, күбөлөр менен да жолугуптур. Ошентип экөө тең коронавирус менен ооруп калды. Апам вирусту бир аз жеңил көтөрүп, басып жүрдү. Подаграсы кармаганда атамдын дене табы көтөрүлүп дароо жатып калчу. Мында болсо кусуп, жүрөгү кармап аябай жаман болуптур. Анан дароо эле ПЧР-тест тапшыртып, ооруканага жаткырдык. Атамдын абалы кескин оорлоп жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти, апам ошону менен атамды көргөн жок. Биз болсо тамак-ашын ташып жүрдүк. Ал кезде транспорт жок, жолдор жабык, дары жетишсиз, болсо да кымбат болбодубу.

Апам арадан 10 күн өтүп эле үйгө чыгууга камданып калды. Бирок атам бир жакшы болот, кайра начарлап кетет. Дары-дармек, тамак-ашын ташып эле эмне кыларыбызды билбей отуруп калдык. Концентратор дешкен, аны тапкыча эле атам өзү дем ала албай ИВЛ аппаратына туташтырышыптыр. Аны да наркоз менен коюшат экен. ИВЛдин жаман жери бейтап бир орундан жылбай, жатып калат тура. Адам кыймылдабаса өпкө жабышып, вирустар күчөйт экен. Ошентип заматта эле атамдан айрылып калдык. Кийин Чыныбай Турсунбеков тууралуу окуп көрсөк, аныкы да атамдыкындай болуптур.

Нуриля Чолпонбаева, дочь заслуженного юриста КР, государственного и общественного деятеля Мукара Чолпонбаева
© Фото / Анна Шлафштейн
Чолпонбаева: Эл "депутаттын, спикердин кызы болсо эле жокту көргөн эмес" деп ойлошот. 1990-жылдары эл көргөн кыйынчылыктар бизде деле болду

— Негизи ар бир кыйын эркектин артында күчтүү аял турат дейбиз го, апаңыз тууралуу да айтып бериңизчи?

— Апам сиз айткан сөзгө жүз пайыз дал келген аялзаты. Кыздарын да ушундай тарбиялады. Бизге дайыма "аял киши күйөөсүн жакшы карашы керек. Эркектин курсагы ток, кийими тыкан болсун. Жумуштан келгенде ал-абалын сурап тургула" дейт.

Атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан беш ак көйнөгү болсо, баарын тең апабыз чыкыйтып крахмалга салып, таптаза илип турчу. Шымынын кырын чыгарып зыңкыйта үтүктөп, "күйөөңөрдүкүн ушинтип үтүктөйсүңөр" деп бизге да үйрөтчү.

Атам курч мүнөздүү болгону менен апам ийкемдүү. Эч качан атама "мынча акча керек, минтиш керек" деген өңдүү талаптарды коюп, жемелечү эмес. Кээде туугандардын деле кийимин кийип чоңойгон күндөр болгон. Бирок атам аны колдоо катары көрүп, өзү алдыга умтулуп, изденди. Анан апамдын дагы бир сапаты — тамакты абдан жакшы жасайт. Атам Көлдүн кургак кесмесин жакшы көрчү. Бир жума бою жасап берсең деле жей бере турган (күлүп). Дымдама жасаса жечү эмес, анткени атама эт, анан камыр эле болсо болду эле. Апам атамдын бутун бапестеп, бут кийиминен бери тазалап, өзү кийгизчү. Кийин жолдошу спикер болгондо да "уят кылбайын" деп апам кадимкидей диета менен жүрчү. Ал кезде протокол абдан катуу иштеген. Мисалы, Малайзияга расмий визит менен барарда эки ай мурун даярдашчу. Ал өлкөнүн салт-санаа, маданиятын үйрөтүп, тамак-ашын, эли кайсы өңдү жакшы көрөрүнө чейин маалымат беришчү. Апам экзаменге даярданган студенттей окуп, протоколду так сактачу.

— Ата үчүн кыз бала өзгөчө эмеспи...

— Үч кыздын ичинен эң тентеги мен болчумун. Ачуусу келгенде көзүн тостойтуп карап койсо эле ыйлагым келип кетчү. Үйгө коноктор келсе эле чыга калып, эл алдында ырдап же спектакль коюп калчумун. Бирок эч убакта тыйып, басынтчу эмес.

Кудайдын буйругу менен көп учурларда жанында болуп калдым. Акыркы жолу спикерликтен түшкөндө да мен сабактан келип чай даярдап жаткам. Анда биз резиденциянын дачасында турчубуз. Атам жардамчысы менен келип эле ага катуу-катуу көп сөздөрдү айтты. Атамды карасам, өңү купкуу. Мен кабатырланып "эмне болду?" деп ыйлап жиберсем, "кызым, мага айтпай эле баарын даярдап коюшуптур. Кээде ушинтип жаныңда жүргөн адамдар сатып койгон мезгил болот" деди. Атам оңой менен бирөөнү жамандачу эмес, бирок адамдар айрым учурда өз кызыкчылыгын көздөп коёрун айтчу. Негизи атаны жоготуп аларыңды эч качан ойлобойт экенсиң. Бир жылдан ашык убакыт өтсө да бир жакка кеткендей эле ишене албайм...

Заслуженный юрист КР, государственный и общественный деятель Мукар Чолпонбаев с супругой
© Фото / из архива семьи Чолпонбаевых
Чолпонбаева: атам биздин руханий жан дүйнөбүздүн баюусуна, билимибизге өзгөчө басым жасады

— Албетте, атанын ордун эч ким толтура албайт. Анан саясаттын жолу да абдан кыйын болот эмеспи. Ар кандай учурларга кабылат. Оор соккуларды ал киши кантип көтөрчү, ошол эле кыздарын турмушка узатканда кандай сезимде болду?

— Атам бизге "кыргыз кызы турмушка ак барат" деп койчу. Ошол сөзүн улай абдан түз жүрдүк. Улуу эжем 19 жашында эле турмушка чыккан. Болгондо да кудабыз атама жакшы тааныш экен. Ал эми менин кайненем менен атам университетте тайпалаш болчу. Алар да бири-бирин жакындан билишчү. Атам ошондо "сен мени бактылуу кылдың" деп сүйүнгөн. Бирок бир да жолу биздин турмушка кийлигишкен жок. Биз өмүрлүк жарыбызды өзүбүз тандадык. Кайын журтубуз атабыздын саясий ишмердигине эч качан сын-пикир айтып, бизди бозорткон жок. Дайым колдоду. Ал үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени саясатта атамдын башына көп сыноолор келди. Бирде оппозицияда, бирде аянтта жүрдү. Мен аял катары оюмду эмоция менен дароо айтып салам. Атам сөздү аягына чейин угуп, ойлонуп туруп каршылашынын ар бир сөзүнө аргумент менен жооп берчү. Ал кишини УКМКнын абагына камашканда тамак да киргиздирбей коюшкан. "Буту ооруйт, жүн байпак берип жиберели" десек да болушкан жок. Эки-үч жумадан кийин ден соолугу абдан начарлап кеткенде чыгарышты. Ошондо адамга болгон ишеничи, ичиндеги оту да өчүп калган экен. Ал кезде кош бойлуу болчумун, абдан ыйлап жаман болгом. Кийин кайра эле калыбына келип, курч саясий пикирлерин билдире баштады. Анан соцтармактарга да жазды. Кыскасы, бул киши артка кайтчу эмес да (күлүп).

— Кандай өнөрлөрү бар эле?

— Жаш кезинде достору менен футбол ойночу экен. Бутунан улам футбол менен бильярддан четтеди. Бирок шахматты абдан сонун ойночу. Бизге да үйрөтөйүн деди, бирок үйрөнө алган жокпуз. Ырдаганда жалгыз эле "Нарындан жазган салам катты" жакшы көрүп, сонун ырдачу. Тамак жасаганга такыр жок эле. Бир жолу апам ооруканага жатып калганда картошка кууруйм деп туздун ордуна сода салып салганы эсимде.

Нуриля Чолпонбаева, дочь заслуженного юриста КР, государственного и общественного деятеля Мукара Чолпонбаева
© Фото / Анна Шлафштейн
Чолпонбаева: үйдө эки дубалга тиреле тизилген китептер болор эле. Эжем экөөбүз каалаган китебибизди алып окучубуз. Өзгөчө эжем аябай көп окуду

— Акыркы кезде активдүүлүгүңүз байкалып, коомдук пикир жарата баштадыңыз. Келечекте саясатка барууга белсенип жатасызбы?

— Саясатчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн балдар саясаттан качат. Анткени абдан татаал жол. Канча нервди, ден соолукту жейт. Бүгүн сени мактап жүргөндөр эртең каргайт. Өтө ыплас. Бирок үйдөгү айтылган саясат тууралуу сөздөр баланын боюна сиңе берет экен. Биз ыктыярчылардын иши боюнча жарандык коом ачканбыз. Коомдогу балдар "ыктыярчылардын оюн эч ким укпай жатат. Арабыздан бирөө чыкса болот эле, сен саясатка барып көрбөйсүңбү" дешкенинен балким салымымды кошуп калармын деп ойлондум. Азыр шаардык кеңеште биздин партия 2-орунду алды. Саясатка аз-аздан кадам таштап жатам.

— Эми ушунча болуп, атаңыздын экинчи турмушу тууралуу сурабасак болбойт?

— Атам ал турмушу тууралуу "кыздарга катуу тийип калабы" деп айта албай жүрүптүр. Мен турмушка чыгарда баары угулду. Анан "ата, турмушка чыкканы жатсам, силер тиякта эмес же биякта эмес. Кандай кылабыз?" дедим. Анткени баарын ачык эле сүйлөшчүбүз. Атам "кызым, баары бир мен сенин атаңмын. Таарынсаң аны түшүнөм, бирок кабыл алсаң кубанам" деди. Кыргыздар куда тосордо гана үйдү оңдойт эмеспи. Экөөбүз оңдоо иштери үчүн базар аралап жүрөбүз. Атам бир убакта "кызым, эң жакын көргөнүм сенсиң. Берки бир туугандарың менен катыша баштасаң, анан эже-сиңдилериң да аралашып кетмек" деди. Мен анда жаш экенмин. "Ии ата, макул" деп эле койдум. Чынында кабыл ала алган жокмун. Мен турмушка чыгып, бир аз убакыт өткөн соң атам үйдөн кетти. Атаңдын аркасы менен бир туугандары да кошо кетет экен. Ичиң күйөт. Анткени эч кимге керегиң жоктой сезим болот. Атамдын туугандары менен абдан камыр-жумур өсүп, чоң энемдин үйүндө жайкысын топурап чогуу жүрчүбүз. Бирок атабыз кетери менен баары тең бизден катышты үздү. Ушул күнгө чейин туугандарыма болгон таарынычым тарабайт. Жок дегенде бир-экөө мамилени сактап калышы керек эле да.

Он жылдан кийин атам кайра келди. Апама "өзүңүзгө караңыз, кечире аласызбы? Анткени кызы катары менин мамилем башка, аялы катары сиздики бөлөк" дедим. Апам ойлонуп, бир күнү "кызым, мен карыдым. Атаң да карыптыр. Биз карылыкты чогуу өткөрөлү дедик" деп айтканда колдодум. Апам абдан кечиримдүү аял. Анан экөө неберелерин аябай сүйүштү.

Тема боюнча

Көздүн көрүүсүн лазер менен коррекциялоо боюнда барларга болбойт. Дарыгердин маеги
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу
Белгилер:
Мукар Чолпонбаев, ата, кыз, үй-бүлө, спикер, саясат, Нуриля Чолпонбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ