Бир суткада 16 747 адам коронавируска каршы вакцина алды

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүВакцина алып жаткан кыз. Архив
Вакцина алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Жалпысынан эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 634 671и биринчи дозаны, ал эми 352 400 адам экинчи дозаны сайдырганы айтылды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 16 747 киши COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Из носа в легкие, а потом в мозг — как COVID поражает организм. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Мурундан өпкөгө, андан ары мээге. COVID организмди кантип жабыркатат. Видео
Маалыматка караганда, бир суткада эмделгендердин ичинен 4 375 киши вакцинанын биринчи дозасын сайдырса, 12 372 адам экинчи дозасын алган.

Жалпысынан эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 634 671и биринчи дозаны, ал эми 352 400 адам экинчи дозаны сайдырганы айтылды.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0