Коронавирус 244 адамдан табылып, алты бейтап көз жумду. 22-августтагы статистика

© AP Photo / Francisco SecoКоронавируска тест жасоо үчүн алынган кан үлгүсү. Архив
Коронавируска тест жасоо үчүн алынган кан үлгүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Азыркы тапта стационарда 1 405, ал эми амбулатордук шартта 2 299 адам дарыланып жатканы айтылды. Өлүм учурлары суюла элек.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 244 адамдан аныкталып, 448 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 137;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 12.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 173 920га жетти. Анын ичинен 166 308 киши дартты жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада оору алты адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан 2 484 киши коронавирустун курмандыгы болгон. Азыркы тапта стационарда 1 405, ал эми амбулатордук шартта 2 299 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0