Жолдошум менен эки бөлөк жатмай адатка айланды... Келиндин даты

© Фото / Pexels / Alex GreenОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күйөөсү менен мамилеси солгундап, эки башка төшөктө жатып калган келин кат жазган.

Саламатсыздарбы, менин үч балам бар. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга он жылдан ашты. Мурда ортодо мамилебиз абдан жакшы болчу. Жумуштан келе жатып, бала бакчадан балдарды алып паркта ойнотуп же чайканада отуруп да келчү элек. Азыр үчүнчү балам менен бир жылдан бери декреттемин.

Регионы России. Крым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жашым өткөндө турмушка чыгам деп бала-чакага уят болдум. Аялдын каты
Күйөөм да өзгөрдү. Интернеттен башы чыкпайт. Жумуштан келип эле телефон чукуп жатат. Менин ал-жайымды деле сурап койбойт. Видео көрөт же ар кандай оюндарды ойнойт. Же болбосо ар кимге акыл үйрөтүп, диванды ээлеп жатат. Аял-күйөөсүндөй эркелешүүнү мындай кой, мурункудай сүйлөшүү, баарлашуу деле жок болуп калды. Мен үй оокаты менен балдардан колум бошобойт. Кечки тамакка отурганда да телефон чукуп отурат. Ага жиним келип мен да сүйлөбөй, өз алдымча тамагымды ичип, интернетти карап отура берем. Кечкисин катуу чарчап калам. Кээде балдарды уктатып жатып, алардын жанына уктап калчумун.

Ошентип жүрүп жолдошум экөөбүздүн эки башка жатмайыбыз көнүмүш адатка айланды. Ал өзүнчө диванда жатат, мен балдар менен жатып алам. Ортодо аял-күйөөдөй кызыкчылык деле жок. Урушубуз да көбөйдү. Мен мурда "муну мындай кылалы, тиги жагыбызды оңдойлу" деп тырмыша берчүмүн. Жаман көрүп, тилденип жатып жасачу. Азыр мен да тажап айтпай калдым. Чынында ага сүйлөгүм да келбейт. Мамилебиз ушинтип барып ажырашып кетпейбизби деп ойлончу болдум. Же бирөөнү таап алганбы десем ага деле окшошпойт. Мурдагы мамилени кантип калыбына келтирүүгө болот?

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Бул катта аял-күйөө мамилесинин солгундап бара жаткандыгы баяндалыптыр. Адамдын жаш курагынын да кризистик убагы болот. Ал үй-бүлө кургандан кийин же ага чейин деле болушу мүмкүн. Ортодогу мамилеге анын да таасири тиет.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Өнөрү чыккан келиниме ачуум келип жатат. Кайын эженин каты
Негизи аялдар эркекти тирөөч катары көрүп, бизди аяп турса дейбиз. Бирок ошол эле учурда аял да эркектин абалын сурап, "ал жумуштан чарчап келдиби, мен аны түшүнүп жатамбы" деп ойлошу керек. Ошондо гана экөөнүн ортосундагы мамиле алыстабай, кайра калыбына келет. Мурда балдарга көңүл бурса, азыр иши жок экенин жазыптырсыз. Балдар кичине кезинде жардамга көп муктаж болгондугуңуз үчүн каралашса керек. Азыр балдар чоңоюп, өз алдынча болуп калды деп ойлогон чыгар. Негизи айымдар жолдошун "мурункудай болсо, азыр минтпей калды" деп көп айтат. Бирок оюбуздагыдай болуусу үчүн кээде ага жасаган мамилебизди карап, үйдөгү жылуу маанайды түзө билгенди да өздөштүрүшүбүз керек.

Ал эми эки башка жатканыңыздар боюнча айтсак, балким, башында сизге да балдарды карап жатуу ыңгайлуу болгондур. Же күйөөңүздү "өзү биринчи келсин" деп күтүп жаткандырсыз. Андай болсо биринчи кадам жасап, ортодогу мамилени калыптандырууга аракет кылсаңыз жакшы болмок. Психологияда вербалдык жана вербалдык эмес байланыш деген түшүнүк бар. Вербалдык байланышта адам оюн айтып, түшүндүрүп, кайра кайтарым байланыш күтөт. Ал эми вербалдык эмес байланышка жөн гана жакынын жылуу тосуп алып, курсагын тойгузуп, чекесинен сылап, жакшы көрүү сезимин арноо кирет. Негизи мамилени бекемдөөдө эс алууну бирге пландап, түгөйүнүн оюн сурап туруу абдан маанилүү.

Жоолукчан ыйлап жаткан кыз. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Кайненем сеп талап кылып, эжемден үй талашууга мажбурмун. Келиндин каты
Адамга өз катачылыгын изилдегенден көрө бирөөнү күнөөлөгөн оңой. "Балдарды карап отурсам, менде кайдагы катачылык" деп айтарсыз. Бирок психологиялык жактан жылуулуктун жетишпестиги да кемчилик болот. Мүмкүн жолдошуңузга мээрим бере албай жаткандырсыз.

Кээде аялдар үйдө отурганда мени ким карайт же мени ушул бойдон кабыл алсын деген ойдо жүрө беребиз. Айрым учурда жубайы экенибизди унутуп, өтө эле камкордукка алып, жолдошубуздун апасынын ролуна кирип кетебиз. Ушундай кезде эркек жубайынан аялдык сезимди издейт.

Түгөйүңүз да сизди мурункудай болсо деп кыялданып жаткандыр. Ушул жагынан да анализ жүргүзүп көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0