Кардиологго кайсы учурда тезинен кайрылуу керек. 7 белгиси

© Фото / Pexels / Pavel DanilyukКабинет электрокардиограммы
Кабинет электрокардиограммы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Дарыгер кардиологиялык эки илдетке убагында көңүл буруу керек экенин айтты. Алар башка жүрөк ооруларынын башаты болуп саналат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жүрөк оорунун кайсы белгилери байкалганда дарыгерге кайрылуу зарыл экенин Санкт-Петербургдагы кардиолог-терапевт Сергей Кадин айтып берди.

Анын айтымында, гипертония менен атеросклерозду убагында аныктаса айыктырып калууга же кесепеттерин алдын алууга болот. Адис ушул эки оору XXI кылымда бардык кардиологиялык илдеттердин башаты экенин белгилеген.

Кайсы сипмтомдорго көңүл буруу керек:

  • кан басымдын жогорулашы;
  • баш айлануу, баштын ооруп турушу;
  • көкүрөк туш оорлошуп, күйүгүп, сайгылашса;
  • кыймылдаганда бат чарчап же дем алуу кыйындаса;
  • жүрөктүн иштешинин бузулушу же бат-баттан кагышы;
  • үйдөгүлөрдө жүрөк-кан тамыр оорулары эрте аныкталган (50 жашка чейин) учурлар болсо;
  • 40 жаштан кийин спорт менен машыгарда же алыс жакка барарда текшерүүдөн өтүү зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0