Кантта эркек киши эмдөөдөн кийин көз жумганы айтылып, сөөктү ачып көрүштү

© AFP / MARTIN BUREAUОперацияга даярданып жаткан дарыгер. Архив
Операцияга даярданып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, көз жумган Кыргызстандын 53 жаштагы жараны Россиянын "Кант" авиабазасында багбан болуп иштеген.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Роза Мукаева коронавируска каршы эмделген соң каза болду деген адам боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Буга чейин социалдык тармакта Кантта вакцина алган соң эркек киши көз жумду деген маалымат тараган.

Мукаеванын айтымында, Кыргызстандын 53 жаштагы жараны Россиянын "Кант" авиабазасында багбан болуп иштеген.

"Ал Спутник V вакцинасын 18-июлда алып, 23-июлда өз үйүнөн көз жумган. Кечинде ал душка кирип, жыгылып калган", — деди ал.

Мукаева сөөктү ачкандан кийин төмөнкүдөй диагноз коюлганын атап берди:

  • Курч жүрөк кемтиги;
  • Ишемиялык инсульт алган;
  • Постинфаркттык кардиосклероз;

Кант диабети боюнча каттоодо турат жана үчүнчү стадиядагы гипертоникалык оору.

Дарыгердин айтымында, көз жумган адамдын абалы вакцинадан кийин оорлошуп кеткен эмес.

Бул окуя боюнча Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага радиодо түз эфир учурунда суроо берилген. Ал каза болгон адам эс алуудагы полковник экенин айтып, маалыматты текшере турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0