Кичине болсо да күчтүү! Айгүл Жапарова ракка кабылган балдар тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Тегерек столдон кийин кыргызстандык адистер балдар онкологиясын дарылоо боюнча россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша турганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба Минздрава КР20 августа в городе Чолпон-Ата проходит круглый стол по обсуждению оптимизации службы детской онкологии
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча тегерек столго катышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча тегерек столго катышты
© Фото / пресс-служба Минздрава КР20 августа в городе Чолпон-Ата проходит круглый стол по обсуждению оптимизации службы детской онкологии
Тегерек стол министрлик тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова жана балдар онкологиясы жаатында академик Александр Румянцев башында турган россиялык адистер катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Тегерек стол министрлик тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова жана балдар онкологиясы жаатында академик Александр Румянцев башында турган россиялык адистер катышкан
© Фото / пресс-служба Минздрава КР20 августа в городе Чолпон-Ата проходит круглый стол по обсуждению оптимизации службы детской онкологии
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар онкологиясы азыркы тапта интернационалдык көйгөйгө айланганын айткан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар онкологиясы азыркы тапта интернационалдык көйгөйгө айланганын айткан.
1/3
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча тегерек столго катышты
2/3
Тегерек стол министрлик тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова жана балдар онкологиясы жаатында академик Александр Румянцев башында турган россиялык адистер катышкан
3/3
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар онкологиясы азыркы тапта интернационалдык көйгөйгө айланганын айткан.

Тегерек стол министрлик тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова жана балдар онкологиясы жаатында академик Александр Румянцев башында турган россиялык адистер катышкан.

Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар онкологиясы азыркы тапта интернационалдык көйгөйгө айланганын айткан.

"Балаңызда залалдуу шишик бар экен" деген сөздү угуу үй-бүлө үчүн катастрофа. Балдарына жардам бере албаган ата-энелердин кейиши айтып жеткиргис. Чоңдордун оорусу делген бул дарттан бөбөктөрдүн каза болуп жатканы коркунучтуу. Бирок биздин бейтаптар кичинекей болгону менен абдан күчтүү экенин эстен чыгарбаш керек. Диагноз менен жашоо бүтүп калбайт", — деген Жапарова.

Министр Бейшеналиев Айгүл Жапарованын россиялык адистер менен тегерек стол өткөрүү боюнча демилге көтөргөнүнө ыраазычылык билдирген.

Улуттук окнология борборундагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2020
Онкологиядагы балдардын азабын жеңилдетип... Студенттердин ак жарыгы
"Ракка кабылган бөбөктөргө кызмат көрсөтүү үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз. Быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы бөлүмгө көчүү пландалууда. Дароо керектүү жабдуулар сатып алынып, фонд кеңейет. Россиялык кесиптештерге да келип бергенине ыраазычылык билдирем. Биргелешип кичинекей бөбөктөргө жардам берип, балдар онкологиясында жаңы тарых жаратабыз деп ишенем" — деди Бейшеналиев.

Тегерек столдон кийин кыргызстандык адистер балдар онкологиясын дарылоо боюнча россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0