Жапаровдун жарлыгы менен жарандарга 18,6 миң сомдон берилип жатабы? Маалымат фейк

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Жапаровдун сүрөтү коюлган мындай маалыматты колдонуучулар мобилдик тиркемелерден байкашкан. Президенттин администрациясы буга комментарий берди.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Интернет тармагында ар бир кыргызстандыкка 18 600 сомдон төлөнөт деген маалымат тарап жатат.

© скриншот с приложения Polish ProФейковая информация о том, что каждому кыргызстанцу выплатят по 18 600 сомов
Жапаровдун жарлыгы менен жарандарга 18,6 миң сомдон берилип жатабы? Маалымат фейк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Фейковая информация о том, что каждому кыргызстанцу выплатят по 18 600 сомов

Шилтеме аркылуу кирген "маалыматтан" тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун окууга болот. Текстте ушу тапта пенсионерлерге 18,6 миң сомдон берилгени жазылган. Бирок Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонд "Пенсионный фонд Киргизии" деп көрсөтүлгөн.

Жапаровдун сүрөтү коюлган мындай маалыматты колдонуучулар мобилдик тиркемелердеги жарнамалык блоктон байкашкан.

Президенттин администрациясы маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди.

Ошондой эле өлкө башчынын сайтынан Жапаров жогорудагыдай жарлыкка кол койгону тууралуу жаңылык жок экенин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0