Өмүрдү кыскарта турган суусундуктар тизмектелди

© Фото / Pixabay/ bridgeswardСуусундук ичип жаткан адамдар. Архив
Суусундук ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Изилдөө көрсөткөндөй, таттуу суусундукту көп колдонгон аялдар ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Сан-Диегодогу Калифорния университетинин окумуштуулары таттуу суусундуктарды тынбай ичүү менен эрте өлүмдүн ортосундагы байланышты түшүндүрдү. Изилдөөнүн жыйынтыгы медициналык PubMed порталына жайгаштырылганын РИА Новости жазды.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Аялдарды эрте өлүмгө кептеген белгилер аталды
Билдирмеге караганда, илимпоздор 20 жылдын аралыгында 100 миңге чукул аялдын (53 жаштагы) тамактануу рационун карап чыгышкан. Анда катышуучулар кайсы алкоголсуз суусундукту көп ичерин айтышкан.

Изилдөөнүн соңунда аялдардын ден соолугуна курамында кумшекери көп суусундуктар терс таасирин тийгизери аныкталган. Аларды көп колдонгондордун эрте көз жумуу тобокелчилиги жогорураак экени айтылды.

"Байкоо жүргүзүү башталгандан 20 жыл өткөн соң 14 143 катышуучу жүрөк-кан тамыр же онкологиялык оорудан көз жумган. Алар жумасына таттуу суусундуктун жетиден көп түрүн ичкенди адатка айлантып алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму семирүү, диабеттин өтүшүп кеткен учурларын азайтуу үчүн мамлекеттерге таттуу суусундуктарга 20 пайыздык салык киргизүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0