Бишкек жана Токмокко "Коопсуз шаардын" камералары орнотулууда. Даректери

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Коопсуз шаардын" камерасын орнотуп жаткан жумушчулар. Архив
Коопсуз шаардын камерасын орнотуп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Камералар автоунаалардын агымы көп болгон жана катуу ылдамдык менен жүргөн көчөлөргө коюлуп жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Коопсуз шаар — 2" долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын көчөлөрүнө бир нече камералар коюлду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир тилкеге жол эреже бузууларын каттоого алган үчтөн камера орнотулат.

Бүгүн борбор калаанын төмөнкү аймактарына орнотула баштады:

  • Тыналиев — Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Токтоналиев — Масалиев;
  • Токомбаев — Жукеев Пудовкин.

Ал эми Токмок шаарында алты жерге видео байкоолор коюлуп жатат.

Алар төмөнкү даректе:

  • Сарбагыш — Ленин көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Шамсин — Ленин;
  • Гагарин — Шамсин;
  • Султан Ибраимов — Дунларов;
  • Султан Ибраимов — Дубов;
  • Жантаев — Шамсин.

Камералар автоунаалардын агымы көп болгон жана катуу ылдамдык менен жүргөн көчөлөргө коюлуп жатканы белгиленди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталган. Анын тамыры өлкөнүн бардык аймагына жайылат. Тагыраак айтканда, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги 15 шаарга, 73 калктуу конушка видео байкоолор орнотулат. Бул иштерди 2022-жылдын 10-мартына чейин бүткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0