11:21 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7992
  • EUR95.6874
  • RUB1.1483
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13110

Погибанын айтымында, учурда террордук коркунучтар өсүп жатканда жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоого көп көңүл буруу керек.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Кыргызстандын жана башка өлкөнүн балдары атайын программа боюнча биргелешип эс алган жайды, башкача айтканда, аскердик-спорттук, патриоттук, эл аралык достук лагерин түзүүнү кароо керек. Бул тууралуу "Альфа" атайын дайындоодогу бөлүгүнүн ветерандар бирикмесинин президенти Юрий Погиба билдирди.

Президент Международной ассоциации ветеранов подразделения антитеррора Альфа в КР Юрий Погиба
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
"Альфа" атайын дайындоодогу бөлүгүнүн ветерандар бирикмесинин президенти Юрий Погиба

Ал "Пикир" аймактык эксперттер клубунун талкуулар аянтчасынын "Элдик дипломатия кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоонун фактору катары" аттуу онлайн жыйында сүйлөдү.

"Жаш муунга аскердик-патриоттук тарбия берүү биринчи орунда турат. Биз балдарга басым жасашыбыз керек. 10-12 жаштагы балдар 4-5 жылдан кийин мекенин коргойт. Бул жаатта иш-чараларды өткөрүүнү карап көрүүгө болот. Ысык-Көлдө Россиядагы кесиптештерибиз менен биргеликте Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн балдары атайын программа менен убакыт өткөрө турган лагерь түзө алабыз", — деген Погиба.

Альфанын мурдагы командиринин айтымында, жаштарга идеологиялык тарбия берүүнү кайра карап чыгуу керек, анткени идеология жок коом "алсыз жана келечеги жок".

"Террорчулук азыр биринчи орунга чыкты. Катарына жаңыларды тартууну улантып келет. Террорчулардын тизмесин негизинен максимализмге жана радикалдуу маанайга дуушар болгон жаштар толуктайт. Андыктан террордук коркунучтарга каршы туруу зарыл, анын бир жолу — алдын алуу иштерин жүргүзүү", — деген ал.

Погиба мамлекеттер биргелешкен аракеттер менен бул маселени чече аларын белгилеген.

Тема боюнча

УКМК: Афганистанда согушуп келип, Кыргызстанда теракт жасамакчы болгон
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Ысык-Көл облусу, терроризм, жаштар, лагерь

ЭҢ МААНИЛҮҮ