10:09 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7992
  • EUR95.6874
  • RUB1.1483
Коом
Кыскача шилтеме алуу
972 0 0

Президент кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, биринчи категорияда каралган 1 000 сом айып пул 70 пайызга азайган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча азайтылган айып пулду кайсы жол эрежесин бузгандар канча күндүн ичинде төлөп бүтүшү керектигин түшүндүрдү.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузуу үчүн каралган айрым айып пулду азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, биринчи категорияда каралган 1 000 сом айып пул 70 пайызга азайган.

"Мыйзам күчүнө киргенден кийин айып кагаз чыгып келген күндөн тартып 30 күндүн ичинде 1 000 сомдук айыптарды 300 сом менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эгер 30 күндөн ашып кетсе, анда сумманы 1 000 сом кылып толук төлөйт. Мындай жеңилдетүү Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-беренесинин 1-бөлүгү жана 123-1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жол эрежесин бузгандарга гана тиешелүү", — деди Исаев.

123-берененин 1-бөлүгү менен 123-1-берененин 1-бөлүгү боюнча эреже бузуулар:

  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса;
  • жол белгилеринин талаптарын бузса, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап каршы тилкеге чыга калуудан сырткары);
  • аялдамада токтоо же токтоп туруу эрежесин бузса;
  • коопсуз аралыкты, интервалды сактабаса же транспорт каражатын жолдо жайгаштыруу, автомагистралда жүрүү эрежесин бузса;
  • аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийининен өтүп кетсе;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса;
  • жарык берүүчү тышкы каражаттарды пайдалануу же белги берүүчү эрежелерди бузса (бардык механикалык автоунаалардын күндүз, эл жашаган жерден сырткаркы аймактарда жарыкты жакынкы жерге бериш үчүн фараларды күйгүзүп жүрүүгө коюлган талаптардан сырткары).

Жаңы мыйзамдын жардамы менен буга чейинки айып пулун төлөй албай жүргөндөр да аз акча менен кутулса болору кошумчаланды.

"Жеңилдетүү жогорудагы эки берене боюнча 2019-жылдын 4-мартынан бери жол эрежесин бузуп, бирок бүгүнкү күнгө чейин айып пулун төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбой жүргөн айдоочулардын бардыгына тиешелүү. Эгер сиздин ушул эки берене боюнча айып пулуңуз болсо, жаңы мыйзамдын негизинде 300 сом төлөй аласыз", — деди Исаев.

Башкача айтканда, буга чейин аталган беренелер боюнча айып пул тууралуу кагазды алып, бирок төлөй албай жүргөн айдоочулар ар бир айып пулуна 300 сомдон төлөп кутулса болот. Мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.

Тема боюнча

"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат
Бирөөгө пара бергенде өлкөнү аңга түртүп жатканыңызды сезесизби? Колумнистика
Белгилер:
Кыргызстан, айып пул, жол эрежеси, мыйзам, жеңилдик, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ