Ошто жолдун каршы тилкесине чыгып, айдоочуга кол салган милиционер иштен алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Жол эрежесин сактабаган тартип сакчысы Ошто милициянын №1 бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп жүргөн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ошто жолдун каршы тилкесине чыгып автоунаа айдап, айдоочуга кол салган Ы.С. аттуу милиция кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармакта милиция кызматкеринин жолдун каршы тилкесинде унаа айдап бара жаткан видеосу пайда болгон. Анда милиционер нааразы болгон айдоочуга жулунуп, анын телефонун тартып алууга аракет кылган.

ИИБ милиционердин айдоочуга кол салгандыгы боюнча кызматтык иликтөө уланып жатканын белгиледи.

"Иштен кеткен тартип сакчысы милициянын №1 бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенчү", — деп айтылат билдирмеде.

Анын ички иштер органдарында калар-калбасы иликтөө аяктагандан кийин белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0