Москванын чок ортосунда спарринг өткөргөн кыргызстандыктар кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив
Москва шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Коомдук тартипти бузду делген кыргызстандыктар полиция бөлүмүнө жеткирилип, алардан түшүнүк кат алынганы айтылды.

БИШКЕК, 16. — Sputnik. Полиция кызматкерлери Москванын чок ортосунда ич ара бокс боюнча спарринг өткөрүүнү чечкен 12 кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу "Вечерняя Москва" агенттиги ИИМдин ордо калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, полицияга Тверская көчөсү, 6 дарегиндеги короодо жоон топ эркек кишилердин топтошуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Анда спорт сүйүүчүлөр бокс боюнча спарринг өткөрүүнү чечишкен.

"Ишемби, 14-августта, полицияга Тверская көчөсүндө жайгашкан короодо коомдук тартип бузулуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Мындан улам бир нече адам текшерүү үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бейрасмий мелдештин катышуучуларынын баарын полиция алып кетип, алардан түшүнүк кат алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0