Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАял жаан учурунда кол чатыр менен. Архив
Аял жаан учурунда кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
15-августта жана 16-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн. Күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас өрөөнүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл аймагында +15...+20, Нарында +17...+22 градуска жетет.

Борбор калаада күн ачык болуп +20...+22, Ош шаарында +29...+31, Чолпон-Атада ...+17...+19 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0